>

Шамсуддин Хакимов — 570

70:41 аларды жакшыраак (ыймандуу элдерге) алмаштырып коюуга! Жана Биз (буга) алсыз эмеспиз![1]

70:42 (Оо, Мухаммад) эми, жөн кой аларды. Убада кылынган (өлүп, азапка дуушар боло турган) күндөрүнө жолукканга чейин (күнөө деңизине) чумкуп, ойноп-күлүп жүрө беришсин!

70:43 (Ал эми) ошол күндө алар мүрзөлөрүнөн чыгып, бир байракты ээрчиген сыяктуу (чогуу жана) тез келишет.

70:44 Көздөрү (жер тиктеп) бөжүрөйүп, (ар тараптан) кордук ороп турат. Мына ушул – аларга убада кылынган Күн!

71:1 Биз Нухту өз коомуна элчи-пайгамбар кылып жибердик (жана ага): «Аларга катуу азап келишинен мурда коомуңду (тозок азабынан) эскерткин»[1] - (деп вахий кылдык).

71:2 Ал айтты: «Оо, коомум! Мен силерге анык эскертүүчү-пайгамбармын.

71:3 Аллахка гана ибадат кылып, Андан корккула жана мага моюн сунгула!

71:4 (Ошондо) Ал силердин күнөөңөрдү кечирип, белгилүү күндөргө (дүйнө жашоосун жашап бүткөнүңөргө) чейин силерди(н өлүмүңөрдү) кечиктирет. (Ал эми) Аллахтын (белгилеген) ажалы келип калганда эч кечиктирилбейт, эгер билсеңер».[1]

71:5 (Нух) айтты : «Оо, Раббим! Мен коомумду түнү-күнү (токтоосуз) даават кылдым.[1]

71:6 Бирок менин дааватым алардын (акыйкаттан) качуусун гана көбөйттү!

71:7 Сен аларды кечирүүң үчүн мен ар качан аларды даават кыла баштасам, манжаларын кулактарына тыгып, кийимдери менен оронуп алып (мени укпай, көшөргөн бойдон ширк ибадаттарын) уланта беришти жана аябай текеберленишти.

71:8 Кийин мен аларды ашкере түрдө даават кылдым.

71:9 Андан соң аларга (дааватымды) ачык-жарыя айттым жана (кези келгенде) жашыруун түрдө да айтым.

71:10 Анан мен аларга (мындай) дедим: «Раббиңерден кечирим сурагыла! Ал чынында Кечиримдүү!