>

Шамсуддин Хакимов — 569

70:11 Аларды (бири-бирине) көрсөтүлөт. Күнөөкөр (тозоку) адам ошол күндүн азабына(н кутулуш үчүн) перзенттерин,

70:12 аялын жана ага-инилерин,

70:13 өзүнө арка-жөлөк болгон тууган уруктарын...,

70:14 жана деги эле, жер бетиндеги бардык адамдарды садага чаап, анан (ушул төлөмү) өзүн (тозоктон) куткарып кетүүсүн каалайт.

70:15 Жок! Ал (тозок) – алоолонгон от,

70:16 терилерди шылып алуучу!

70:17 Ал от (кучагына) чакырат (акыйкаттан) жүз буруп, артка кеткендерди

70:18 жана (адал-арамына карабай дүйнө-мүлк) жыйнап, (андан садака кылбай) басып-чогултуп жаткан адамдарды!

70:19 Чынында инсан чыдамсыз жаратылган.

70:20 Эгер аны жаман (тагдыр) кармаса, чыдамсыздык кылат.

70:21 Жакшы (тагдыр) кармаса кызганчаак болуп калат.

70:22 Намаз окуучулар гана андай эмес.

70:23 Алар намаздарын дайым окушат.

70:24 Алардын дүйнө-мүлкүндө белгилүү акы (үлүш) бар,

70:25 муктаждар жана сурагандар үчүн.

70:26 Алар Эсеп (Акырет) күнүн тастыкташат…

70:27 Алар Раббисинин азабынан коркушат…

70:28 Чынында, Раббисинин азабы(нан) аманда болуу (эч ким үчүн кепилденген) эмес.

70:29 Жана алар жыныс мүчөлөрүн (арамдан) сакташат.

70:30 Өздөрүнүн (ак никедеги) аялдарына жана күңдөрүнө гана («барышат»). Ошондо алар (күнөөлүү деп) айыпталбайт.

70:31 Ким ушундан кийин (башкаларды никесиз) «кааласа», алар чектен чыккандар!

70:32 Жана алар өз аманаттарын, убада-келишимдерин бекем сакташат...

70:33 Күбөлүк бергенде (жалган аралаштырбай) түз болушат…

70:34 Алар намаздарын(ын убактысын) сакташат…

70:35 Алар – бейиштерде сыйлануучулар!

70:36 (Оо, Мухаммад), каапырларга эмне болду, сен тарапка шашылышат?

70:37 Оң каптал жана сол капталдан топурап?[1]

70:38 Алардын ар бири Нээмат бейишине кирүүнү каалайбы?

70:39 Жок, (эч андай болбойт!) Биз аларды өздөрүнө белгилүү нерседен (бир тамчы атырылган бел суудан) жараттык.

70:40 Чыгыштар менен батыштардын Раббисине ант, Биз кудуреттүүбүз: