Шамсуддин Хакимов — 568
69:36 Тамак-аш да болбойт. Бир гана «гислийн» (деген «тамак»)[1] болот.
69:37 Аны күнөөлүү адамдар гана жейт.
69:38 Мен силер көргөн нерселер менен ант ичип...,
69:39 Жана силерге көрүнбөгөн (бардык) нерселер менен ант ичип (айтамын):
69:40 «Ал (Куран) Улук пайгамбардын (Аллах үйрөткөн) Сөзү!
69:41 Ал акындын сөзү эмес! Өтө аз ыйман келтирип жатасыңар!
69:42 Ал бакшы-көзү ачыктын да сөзү эмес![1] (Аллахты) өтө аз эскерип жатасыңар!
69:43 Ал – ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн.
69:44 Эгер ал (Мухаммад) (Курандагы) кээ бир сөздөрдү (ойлоп чыгарган жана «ушул – Аллахтын сөзү» деп, аны) Бизге оодарган болсо,
69:45 Биз аны күч менен кармап, өч алмакпыз.
69:46 Кийин жүрөк тамырын үзүп жибермекпиз!
69:47 Анан силердин араңардан эч ким аны (Бизден) куткарып кала алмак эмес!
69:48 Ал (Куран) такыба кишилер үчүн эскерме-сабак.
69:49 Силердин араңарда (Куранды) «жалган» дегендер бар экенин Биз эң жакшы билебиз!
69:50 Ал каапырларга кайгы![1]
69:51 Ал – анык Чындык!
69:52 Демек, Улук Раббиңдин ысымын (эстеп) аруулагын![1]
70:1 (Мушриктерден) бир суроочу[1] собол кылды түшүүчү азап жөнүндө -
70:2 – каапырлардын башына. (Азап сөзсүз келет. Ошондо) аны кайтаруучу (күч) болбой калат!
70:3 (Ал азап) Маьариж – тепкичтердин[1] ээси Аллах тарабынан (келет).
70:4 Периштелер менен Рух Ага (Аллах таалага) өлчөмү элүү миң жылга тең болгон күндө көтөрүлүп барышат.[1]
70:5 (Оо, Мухаммад!) Сен (мушриктердин «жалган» деген сөзүнө жана зыяндуу иштерине) эң сонун сабыр кыл!
70:6 Алар аны (кайра тирилүүнү акылдардан) алыс деп ойлошот.
70:7 Биз болсо, жакын (анык) деп билебиз.
70:8 Ал күндө асман эритилген жез сыяктуу,
70:9 Ал эми, тоолор тытылган жүн сыяктуу болуп калат.
70:10 (Ал күнү) дос өзүнүн жакын досун(ун абалын) сурай албайт!