>

Шамсуддин Хакимов — 567

69:9 Анан Фараон, андан мурунку (каапыр) адамдар жана көңтөрүлгөн шаар (элдери – Лут коому) каапырчылык (иштерди) жасашып,

69:10 Раббисинин пайгамбарына каршы чыгышты эле, (Рабби) аларды өтө катуу азап менен кыйратты!

69:11 (Нух доорундагы топон) суу ташкан убакытта, Биз (каапырларды кыйратып) силерди кемеде көтөрүп койгон элек.

69:12 Аны (кемени) силерге үлгү-сабак кылуу үчүн жана акылдуу адамдар (сабак катары) билип жүрүү үчүн.

69:13 Эми, качан «Сур» (деп аталган чоор) бир ирет тартылганда,[1]

69:14 жер менен тоолор көтөрүлүп, бир ирет кагыштырылып (тоолор упадай урап, жер менен тегиз болуп калганда,)

69:15 Дал ошол күндө Ваакеьа (кыямат) болот.

69:16 Жана ал күндө үлпүлдөк (алсыз) болуп калган асман жарылганда,

69:17 жана асмандын ар тарабында периштелер (Аллахтын кызматына даяр туруп), алардын үстүндө сегиз (күч - кубаттуу периште) Раббиңдин Аршын көтөргөндө,[1]

69:18 дал ошол күндө силер (Раббиңерге) жолуктуруласыңар. Силердин эч бир сыр(ыңар) жашыруун калбайт.[1]

69:19 Кимге китеби оң тарабынан берилсе, ал (сүйүнгөн бойдон мындай) дейт: «Эй,! Мына, менин китебимди окуп көргүлө!

69:20 Мен бул эсеп-китебиме жолугууга анык ишенген болчумун!»

69:21 Анан ал өзү ыраазы болгон жашоодо -

69:22 – эң жогорку бейиште болот.

69:23 Анын мөмөлөрү (отурган жерден кол сунсаң эле жеткидей аралыкта) ийилип турут.

69:24 (Анан аларга айтылат) «Өткөн (дүйнө жашоосунда) жасаган (сооптуу) ишиңер себептүү жегиле, ичкиле – аш болсун!»

69:25 Ал эми, (амал) китеби сол тарабынан берилген (бактысыз адамдар кайгырып мындай) дешет: «Атаганат! Менин китебим берилбей эле койсо экен

69:26 жана эсебим кандай экенин билбей эле калсам экен...,

69:27 Кана эми, ал (менин өлүмүм) чечүүчү болсо! (кайра тирилүү деген болбосо!)

69:28 Мал-дүйнөм мага пайда бербей калды!

69:29 Менин күч-кубатым (салтанат-бийлигим) жок болуп кетти!»[1]

69:30 (Оо, периштелер!) Аны кармап, кишендегиле!

69:31 Кийин тозокко таштагыла!

69:32 Андан соң узундугу жетимиш чыканак келген чынжырга өткөргүлө!»[1]

69:33 (Себеби), Ал Улук Аллахка ыйман келтирбеди.

69:34 жана бей-бечараларды тамактандырууга (эч кимди) кызыктырбады.

69:35 Ал (азаптуу) күндө ал жерде ага (эч бир) дос-жардамчы болбойт.