Шамсуддин Хакимов — 566
68:43 Көздөрү жерге кадалып, аларды кордук орогон абалда (турушат). Алар (дүйнө жашоосунда) сак-саламат болуп (сажда кылууга жарап) турганда саждага чакырылышкан эле.
68:44 (Оо, Мухаммад!) Сен бул Сөздү (Куранды) жалган дегендерди Мага кой! Биз аларды билбеген тарабынан эч билгизбей азапка салабыз![1]
68:45 Мен аларга мөөнөт беремин. Менин амалкерлигим бекем!
68:46 Же болбосо (оо, Мухаммад) сен алардан (өзүңдүн дааватың үчүн) акы сурап, алар болсо төлөөдөн кыйналып жатышабы?
68:47 Же алардын алдында кайып (ааламындагы Тагдыр Китеби) барбы (жана) алар (ошондон окугандарын) жазышабы?[1]
68:48 Эми (оо, Мухаммад) сен Раббиңдин өкүмүнө сабыр кыл! Балыктын «ээси» (Юнус пайгамбар) сыяктуу (элиңе сабырсыз) болбо! Бир кезде ал (балыктын ичине) жутулган бойдон (капкараңгы курсакта отуруп) Раббисине дуба кылган болчу.[1]
68:49 Эгерде ага Раббисинин нээматы (жакшылыгы) жетпегенде, жек көрүлгөн абалда жайдак жерге (кароосуз) таштап коюлмак.[1]
68:50 Анан Раббиси аны (кайрадан пайгамбарлык үчүн) тандап, салих (жакшы) инсандардан кылды.
68:51 (Оо, Мухаммад) каапыр болгон адамдар зикирди (Куранды) уккан мезгилде (ичи өрттөнүп) сени көздөрү менен оодара сала жаздашат жана: «Ал жинди!» – дешет.
68:52 Ал (Куран) бүт ааламдар үчүн (эң даанышман) насаат-эскермеден башка нерсе эмес!
69:1 Ал – Хаакка!
69:2 «Ал – Хаакка» дегени эмне?!
69:3 (Оо, Мухаммад!) «Ал – Хаакка» эмне экенин сен кайдан билмек элең?[1]
69:4 «Самуд» менен «Аад» (коому) Кыяматты жалганга чыгарышкан эле.[1]
69:5 Анан… Самуд (эли жүрөк жарган) ач айкырык менен кыйратылды.
69:6 Ал эми, Аад болсо, кутурган бороон шамал менен өлтүрүлдү.
69:7 (Аллах) ал шамалды алардын үстүнө жети түн, сегиз күн токтоосуз «кызмат кылдырып» койду. Анан сен (оо, көрүүчү) ал жердеги адамдарды оонап, айкалышып жаткан курма дарагынын денелери сыяктуу кароосуз өлүп жаткандарын көрөсүң!
69:8 Эми, карачы (алардан бирөө-жарымынын) өлбөй калганын көрөөр бекенсиң?!