Шамсуддин Хакимов — 565
68:17 Биз аларды бак-бостон ээлерин сынаганыбыз сыяктуу сынадык.[1] Бир кезде (бак ээлери) бакты(н түшүмүн) таңга маал (эч ким тура элек мезгилде) жыйнап алууга ант ичишти.
68:18 Алар (ниеттеринде “Аллах кааласа” деген сөздү) эсепке алышпады.
68:19 Анан алар уктап жатканда бактын үстүндө Сенин Раббиң тарабынан (жиберилген) бир айлануучу (от) айланып турду (дагы...)
68:20 (Күйдүрүп, чычаласын чыгарганда) караңгы түн сыяктуу болуп калды.
68:21 Анан таң азанда бири-бирин чакырышты:
68:22 «Эгерде (түшүмүңөрдү) жыйнай турган болсоңор эртерээк барбайсыңарбы».
68:23 (Бардыгы үйүнөн чыгып) жолго түшүштү шыбырашып:
68:24 «Бүгүн силердин үстүңөргө – бактын ичине бир дагы кедей кирип калбасын».
68:25 Алар эч кимге билдирбей (ушундай катаал, мээримсиз абалда кембагалдарды түшүмдөн) куржалак калтырууга кудуреттүүбүз деп, эрте таңда бара жатышты.
68:26 Анан..., (кара чычала болуп калган) бакты көрүп: «Биз адашып (башка бакка келип) калыптырбыз» – дешти.
68:27 “Жок! Биз (бактан) кол жууп калыптырбыз!”
68:28 (Ошондо) алардан адилеттүүрөөк бирөөсү: «Мен силерге «Аллахты даңазалагыла» (“Аллах кааласа” деп айткыла) дебедим беле?» – деди.
68:29 (Дагы) айтышты: «Раббибиз (кемчилдиктүү сыпаттардан) Аруу-Таза! Биз (өзүбүзгө) зулум кылуучулардан болуп калдык!»
68:30 Анан бири-бирине карап, бири-бирин айыптай баштады.
68:31 Жана (мындай) дешти: «Шорубуз курусун! Биз (чындап) чектен чыгып кетиптирбиз!
68:32 Раббибиз анын ордуна андан жакшыраагын бергей эле! Биз Раббибизге умтулуучубуз го!».
68:33 (Азгырылган адамдарга сыноо дүйнөдөгү) азап ушундай! Ал эми, Акырет азабы (мындан) чоңураак, эгер билишсе!
68:34 Албетте, такыба кишилер үчүн Раббисинин алдында эң мыкты бейиштер бар.
68:35 (Эй, Мекке мушриктери!) эмне, биз мусулмандарды (силерге окшогон) күнөөкөрлөр сыяктуу кылат бекенбиз?![1]
68:36 Силерге эмне болгон?! Кандай өкүм чыгарып жатасыңар?!
68:37 Же силердин алдыңарда аны сабак кылып окуган (Ыйык) Китеп бар беле?!
68:38 (Же) Ал (китептин ичинде) силер үчүн өзүңөр каалаган нерсе (бар бекен)?!
68:39 Же болбосо, силер үчүн Биздин мойнубузда Кыямат күнүнө чейин жете турган «Силер каалаган (бардык) нерсе(лер) силер үчүн мүмкүн» деген ант-убада бар бекен?!
68:40 (Оо, Мухаммад), алардан сурачы, кимиси буга кепил боло алат?!
68:41 Же алардын (каалоо тилектерин орундатып бере турган Аллахтан башка) кудайлары барбы?! Эгер чынчыл болушса, (ошол) кудайларын алып келишсин!
68:42 (Кыямат) күнү Балтыр ачылып, (бардык элдер) сажда кылууга чакырылганда, алар (мушриктер сажда кылууга) жарабай калышат.[1]