>

Шамсуддин Хакимов — 563

67:13 Жана (оо, адамдар) силер сөзүңөрдү сыр тутасыңарбы же ашкере кыласыңарбы, Ал көкүрөктөрдү ээлеген нерселерди Билүүчү!

67:14 (Көкүрөктөгү сырларды) Жараткан билбей калат бекен?! Ал Латийф[1] (жана бардыгынан) Кабардар го!

67:15 Ал силер үчүн жерди моюн сунуучу кылып койду. Эми, анын чар тарабында жүрүп, (Аллахтын) ырыскыларынан жей бергиле! Кайра тирилип баруу – анын Өзүнө гана![1]

67:16 (Эй, каапырлар) асмандагы Зат[1] силерди жерге жуткуруп жиберүүсүнөн (тап-такыр) тынчсыңарбы?! Капысынан ал (жер) чайпалып кетсечи?!

67:17 Же болбосо, силер, асмандагы (Аллах) үстүңөргө таш учурган катуу шамал жиберишинен амансыңарбы!? Жакында (Менин) эскертүү(м) кандай экенин билип аласыңар!

67:18 Алардан мурунку (каапыр) пенделер дагы (өздөрүнө жиберилген пайгамбарды) жалганчыга чыгарышкан. Анан (Менин) четке кагуу(м) кандай болду?![1]

67:19 Алар төбөсүндөгү канатын (бир) жайып (бир) жыйнап турган кушка карашпайбы?! Аны (ободо ырайымдуу) Рахман гана кармап турат! Ал - ар бир нерсени Көрүүчү!

67:20 (Эй, каапырлар! Ойлонгула:) Силерге Рахмандан башка жардам бере ала турган аскериңер (жардамчыңар) ким экен?! Каапырлар адашуунун гана ичинде!

67:21 Эгер (Аллах) Өз ырыскысын токтотуп койсо, силерге ырыскы таап бере ала турган ким?! Жок! (каапырлар дагы эле) катаалдыгын, (исламды) жек көрүүсүн улантып жатышат!

67:22 Ким туура жол табуучураак? Жер карап бара жаткан кишиби же болбосо, туура жолдо (башын) түз (тутуп) бара жаткан кишиби?

67:23 Айткын: “Ал силерди жаратып, көз, кулак жана жүрөктөрдү берген. Өтө аз шүгүр кылуудасыңар!”

67:24 Айткын: «Ал силерди жер бетинде өндүрүп-өстүргөн. Жана (кайра тирилгенде) Өзүнө гана чогултуласыңар».

67:25 Жана алар: «Эгер чынчыл болсоңор бул (кайра тирилүү жөнүндө) убада (Кыямат) качан?» дешет.

67:26 Айткын: «(Ал жөнүндөгү) илим Аллахтын гана алдында. А мен болгону, анык эскертүүчү-пайгамбармын».