Шамсуддин Хакимов — 562
67:1 (Бүткүл ааламдардын) мүлк(ү) Өз Колунда болгон Аллах Ыйык! Ал бардык нерсеге Кудуреттүү.
67:2 Ал силердин кимиңер эң мыкты (сооптуу) иш жасай алышыңарды сыноо үчүн өлүм менен өмүрдү жараткан. Жана Ал – Кудуреттүү, Кечиримдүү!
67:3 Ал жети асманды кабат-кабат жараткан. Сен Рахмандын жаратканында эч кандай кемчилдик таба албайсың. Эми дагы бир кара! Кемчилдик көрөөр бекенсиң?!
67:4 Анан дагы кайра-кайра үңүл! Көз(үң) сага тунарган, чарчаган бойдон кайта берет!
67:5 Биз дүйнө асманын жылдыз-чырактар менен кооздоп, аларды шайтандар үчүн атылуучу таш кылдык. Жана Биз алар (шайтандар) үчүн (Акыретте) тозок азабын даярдап койдук.[1]
67:6 Жана Раббисине каапыр болгон адамдар үчүн тозок азабы бар! Ал эң жаман кайтуу!
67:7 Качан алар анын (тозоктун) ичине ташталганда, коркунучтуу добушун угушат! Ал кайнап турган!
67:8 (Тозок өзүнө ташталган каапырлардан) каардангандан улам жарылып кеткидей болот! Ар качан ага бир жамаат (каапырлар) ташталганда, анын (периште) кароолчулары: «Эмне силерге (ушул тозок жөнүндө) кабар берген пайгамбар келбеди беле?» – деп сурайт.
67:9 Алар айтышат: “Ооба, ырас бизге эскертүүчү-пайгамбар келген. Бирок, биз аны жалганчыга чыгарып: «Аллах (силерге) эч нерсе түшүргөн эмес! Силер эң чоң адашуудагы адамсыңар!» дегенбиз”.
67:10 Жана айтышат: «Эгер биз (ошол пайгамбарды) угуп, акылыбызды иштеткенде (бүгүн) тозок «ээлери» болуп калбайт элек!».
67:11 Ошентип күнөөлөрүн мойнуна алышат. Тозокулар (Аллахтын ырайымынан) алыс!
67:12 Кайыптагы Раббисинен корккон адамдарга (Аллах таала тарабынан) кечирим жана чоң сыйлык (бейиш) бар.