>

Шамсуддин Хакимов — 557

64:10 Ал эми, каапыр болуп, Биздин аяттарыбызды жалган дегендер тозок ээлери болуп, анда түбөлүк калышат. Кандай жаман акыбет!

64:11 (Пенделерге) жеткен ар бир балээ Аллахтын гана уруксаты менен болот. Ким Аллахка ыйман келтирсе, анын жүрөгүн туура жолго багыттап койот. Аллах бардыгын Билүүчү!

64:12 Аллахка моюн сунгула, пайгамбарга моюн сунгула! Эгер моюн сунбасаңар (өзүңөргө зыян). Биздин элчибиздин милдети (акыйкатты) анык жеткирип коюудан гана турат.

64:13 (Ал –) Аллах! Бир Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок! Ыймандуулар Аллахка гана тобокел кылышсын!

64:14 Оо, ыйман келтирген пенделер! (Кээ бир учурда) силерге аялдарыңар менен перзенттериңер арасынан (Аллах Жолунан тосуучу) душмандар чыгат. Алардан абайлагыла! Эгер аларды кечирип, айкөлдүк кылсаңар (билип алгыла) Аллах - Кечиримдүү, Ырайымдуу!

64:15 Чынында, мал-дүйнөңөр менен бала-чакаңар силерге сыноо. Аллахтын алдында улуу сооптор бар.

64:16 Аллахтан алыңар жеткенче такыба кылгыла жана (пайгамбардын өкүм-насааттарын) угуп, моюн сунгула. Жана (Аллах Жолунда) садака кылгыла. (Бул ишиңер) өзүңөргө жакшы. Ким напсинин ачкөздүгүнөн сактана алган болсо, дал ошолор жеңишке жеткендер.

64:17 Эгер Аллахка жакшынакай карыз берсеңер,[1] силерге бир нече эсе[2] көбөйтүп кайтарат жана (буга кошумча иретинде) күнөөңөрдү да кечирет. Аллах жакшылыктаррга шүгүр кылуучу жана (пейили) Жумшак.

64:18 (Аллах) кайыпты да, ашкерени да Билүүчү, Кудуреттүү, Даанышман!