Шамсуддин Хакимов — 556
64:1 Аллахты(н Атын) асмандардагы жана Жердеги бардык (жандуу-жансыз) нерселер аруулашат. Мүлк Аныкы, мактоо Өзүнө гана таандык! Ал - бардык нерсеге Кудуреттүү!
64:2 (Оо, инсандар!) Ал силерди жараткан. Силердин араңарда каапыр да бар, ыймандуу да бар. Аллах бардык ишиңерди Көрүүчү!
64:3 Ал асмандар менен жерди акыйкат менен жаратты, силерге эң сонун келбет берди жана көрүнүшүңөрдү көрктүү кылды. Кайтып баруу – Өзүнө!
64:4 Ал асмандардагы жана жердеги бардык нерсени билет жана силердин сырыңарды да сыртыңарды да билет. Аллах жүрөктөрдө катылган нерселерди да Билүүчү!
64:5 (Оо, мушриктер!) силерге мурдагы каапыр жамааттардын кабары келбеди беле? Алар өз кылмыштарынын жазасын тартышкан.[1] Жана аларга (Кыяматта) катуу азап бар.
64:6 Мунун себеби, аларга пайгамбарлары анык далилдерди алып келгенде «бизди адам перзенти туура жолго баштайт бекен?» деп, каапыр болуп, жүз буруп кетишти.[1] Аллах аларга муктаж эмес. Аллах – Беймуктаж, Макталган!
64:7 Каапырлар «биз эч качан кайра тирилбейбиз» деп ойлошту. Айткын: «жок, андай эмес! Раббиме ант ичип айтамын: силер шексиз (Аллахтын кудурети менен) кайра тирилесиңер жана албетте, силерге жасаган ишиңердин кабары берилет. Бул Аллах үчүн жеңил.
64:8 Эми, (эсиңерге келип) Аллахка, Анын пайгамбарына жана биз түшүргөн Нурга (Куранга) ыйман келтиргиле! Аллах бардык ишиңерден Кабардар!
64:9 (Аллах) силерди чогулуш күнүнө чогулткан (Кыямат) күндү (эстегиле). Ал – Тагаабун Күнү![1] Ким Аллахка ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылган болсо, (Аллах) анын күнөөлөрүн кечирип, астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Алар анда түбөлүк калышат. Бул – Улуу жетишкендик!