Шамсуддин Хакимов — 548
59:17 Анан экөөсүнүн тең акыбети тозокто түбөлүк калуу болуп калды. Залымдардын жазасы – ушул!
59:18 Оо, ыйман келтирген пенделер! Аллахтан корккула! Ар бир жан эртеңки (Кыямат) күн үчүн эмне алып келерине карасын! Аллахтан корккула! Аллах эмне иш жасап жатканыңардан Кабардар.
59:19 Аллахты унуткан, натыйжада Аллах өздөрүн-өздөрүнө унуттурган адамдарга окшобогула! Алар – бузулган (Аллахка моюн сунбаган) адамдар.
59:20 Тозок элдери менен бейиш элдери тең эмес. Бейиш ээлери – алар жеңүүчүлөр!
59:21 Эгер Биз мына бул Куранды (бир) тоого түшүргөнүбүздө, сен анын Аллахтан коркконунан баш ийип, тыркырап кеткенин көрмөксүң. Биз бул салыштырууларды, пикирин иштетсе ажеп эмес деп, адамдарга айтып берүүдөбүз.
59:22 Ал – Аллах! Бир Өзүнөн башка эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок! Көрүнгөндү да, көмүскөнү да Билүүчү! Ал – Ырайымдуу, Мээримдүү!
59:23 Ал – Аллах! Бир Өзүнөн башка эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок! Ал – Аль-Малик, Аль-Куддус, Ас-Салам, Аль-Муьмин, Аль-Мухаймин, Аль-Азиз, Аль-Жаббар, Аль-Мутакаббир![1] Аллах алардын ширктеринен Аруу-Таза!
59:24 Ал – Аллах, Аль-Хаалык, Аль-Баариь жана Аль-Мусаввир! Анын сонун-көркөм ысымдары бар. Ага асмандардагы жана жердеги бардык нерселер тасбих айтат. (Анткени), Ал – Кудуреттүү, Даанышман!