Шамсуддин Хакимов — 546
59:4 Мунун себеби, алар Аллах менен Анын пайгамбарына душман чыгышты. Ким Аллахка душман болсо, (билип алсын:) Аллахтын жазасы катуу!
59:5 (Оо, момундар!) эгер алардын курма бактарын кыйсаңар же тамырында турган бойдон калтырган болсоңор, (бардыгын) Аллахтын уруксаты менен жана бузукулардын адебин бериш үчүн жасадыңар.[1]
59:6 Аллах Өз пайгамбарына алардан олжолоп берген нерсеге силер ат чаптырып, төө жорттуруп барбадыңар. Бирок, Аллах Өзүнүн пайгамбарларын каалаган пенделеринин үстүнөн жеңүүчү кылат. Аллах ар нерсеге Кудуреттүү.
59:7 Аллах (Бану Назир) айылынын элинен Өз пайгамбарына олжолоп берген нерсе Аллахка,[1] пайгамбарга, тууган-туушкандарга,[2] жетимдерге, бей-бечараларга жана мусапырларга (бөлүнөт. Мунун себеби байлык) араңардагы (бир ууч) байлардын колунда гана айланган мүлк болуп (кембагалдар бейнасип) калбаш үчүн.[3] Жана (оо, момундар!) Пайгамбар силерди эмнеге буюрса, дароо кабыл алгыла, эмнеден кайтарса, ошол замат кайткыла! Аллахтан корккула, чынында Аллахтын азабы катуу!
59:8 (Жана ал олжолор) журттарынан (Меккеден) жана мал-мүлкүнөн чыгарып жиберилген кембагал мухажирлерге (бөлүнөт). Алар (хижрат кылуу менен) Аллахтын пазилетин, ыразычылыгын гана үмүт кылышкан жана Аллах(тын дини) менен пайгамбарына жардам беришкен. Алар (ыйманында) чынчыл пенделер!
59:9 Ал эми, аларды (алардын көчүп келишин) утурлап, короо-жайлары менен ыймандарын(ын жылуулугун) даярдап койгон (Мединалык) момундар, өздөрүнө хижрат кылып келгендерди сүйөт жана аларга берилген олжо себептүү жүрөктөрүндө көралбастык сезимин туйбайт. Өздөрүндө жетишпестик болуп турса да, аларды(н пайдасын) өздөрүнөн жогору коюшат. Ким напсинин сугалактыгынан сактана алса, дал ошолор гана жеңишке (бейишке) жетет.