Шамсуддин Хакимов — 544
58:12 Оо, ыймандуулар! Эгер пайгамбар менен жекече сүйлөшүүнү кааласаңар, сүйлөшүүңөрдөн мурда (кедейлерге) садака бергиле.[1] Бул силер үчүн жакшы жана тазараак (жорук) Эгерде (садакага) эч нерсе таппасаңар, Аллах Кечиримдүү, Боорукер.
58:13 Эмне, силер жекече сырдашуунун алдынан садака берсеңер (кембагал болуп калуудан) коркосуңарбы? Бербесеңер бербегиле, Аллах тообоңорду кабыл алды. Бирок, намазыңарды (кем кылбай) окуп, зекетти (өз убагында, толук) бергиле![1] Аллахка, Анын пайгамбарына моюн сунгула! Аллах - ишиңерден Кабардар!
58:14 (Оо, Мухаммад!) аларга (мунафыктарга) карабайсыңбы, Аллах каарына алган коом (яхудилер) менен дос болуп жүрүшөт. Алар силерден эмес, алардан да эмес.[1] Жалгандан («мен – мусулманмын!» деп) ант ичишет. Бирок, (мусулман эмес экенин) билип эле турушат.
58:15 Аллах (Акыретте) аларга катуу азапты даярдап койгон! Алардын иштери (жалгандан ант ичүү жана эки жүздүүлүк) кандай жаман!
58:16 Анттарын (өздөрүнө) калканыч кылышат. Анан (башкаларды) Аллахтын Жолунан тосушат. Аларга (Кыяматта) кордоочу азап бар!
58:17 (Жыйнаган) мал-дүйнөсү менен перзенттери аны Аллах тарабынан (азап болуп келген) эч нерседен тосо албайт! Алар – тозок ээлери! Алар анда түбөлүк калышат!
58:18 Аллах алардын бардыгын кайра тирилткен күнү, силерге ант ичкен сыяктуу Ага да ант иче башташат жана бул аларга пайда берет деп ойлошот. Уккула! Алар – чектен чыккан жалганчылар!
58:19 Аларды шайтан бийлеп алып, Аллахты эстөөнү унуттурган. Алар – шайтандын жамааты! Уккула, шайтандын жамааты (эки дүйнөдө тең) зыян тартуучулар!
58:20 Аллахка жана пайгамбарына душмандык жасагандар кор болгондордун сабында!
58:21 Аллах (Өзүнүн тагдыр китебинде) «Мен жана Менин пайгамбарларым – жеңүүчүлөрбүз» деп жазып койгон. Аллах баарынан Күчтүү, баарынан Кудуреттүү.