>

Шамсуддин Хакимов — 542

58:1 (Оо, Мухаммад!) Өзүнүн күйөөсү жөнүндө сени менен сөз талашып, Аллахка арызданган аялдын сөзүн Аллах укту. Аллах экөөңөрдүн талаш сөзүңөрдү угат. Аллах – Угуучу, Көрүүчү![1]

58:2 (Оо, ыймандуулар!) силердин араңардан ким аялын «зихар» кылса, аялдары апалары болуп калбайт. Алардын апалары – аларды тууган аялдар. Алар («сен мага апамын белиндей болуп кал» деп) жарабаган жана жалган сөздү айтышат! Аллах Күнөөлөрдөн өтүүчү жана Кечиримдүү.

58:3 Аялдарын зихар кылып алып, кийин ал сөзүнөн кайткандар (күнөөсүн жууш үчүн) аялына кошулбай туруп бир кулду азат кылат. Ушул – силерге насаат. Аллах бардык ишиңерден Кабардар.

58:4 Ким (кул азат кылууга жеткидей акча) таппай калса, аялына жакындык кылбай туруп эки ай үзгүлтүксүз орозо кармайт. Ал эми, ким (орозо кармоого) алы жетпесе, алтымыш кембагалды тойдурат. Бул Аллахка жана Анын пайгамбарына ыйман келтиришиңер үчүн. Дагы булар – Аллахтын чектегени. Каапырларга (чек бузгандарга) жан ооруткан азап бар.

58:5 Аллахка жана Анын пайгамбарына душманчылык кылгандар өздөрүнөн мурдагы (каапыр) адамдар кор болгону сыяктуу кор болушат. Биз (Аллахтын чектөөсү чындык экенине) анык далилдерди түшүрдүк. Каапырларга (Кыяматта) кордук азабы бар!

58:6 Ал күнү алардын бардыгын Аллах кайра тирилтип, (дүйнөдө) жасаган иштеринин кабарын билгизет. Ал иштерди Аллах(тын периштелери) эсептеп койгон, (бирок,) өздөрү унутушкан. Аллах - бардык нерсеге Күбө![1]