>

Шамсуддин Хакимов — 541

57:25 Биз пайгамбарларыбызды анык далилдер менен жиберип, алар менен Китепти жана адилетти түшүрдүк, адамдар теңдик менен (жашап) туруулары үчүн. Дагы Биз (аларга асмандан) темирди түшүрдүк – анда күч-кубат жана адамдар үчүн (көп) пайдалар бар – Аллах (ошол темир-курал менен) Өзүнө жана пайгамбарларына (алар) жокто[1] жардам берген адамдарды билиши үчүн. Аллах Кудуреттүү, Жеңилгис.

57:26 Биз Нухту жана Ибрахимди пайгамбар кылып жибердик жана алардын урпактарынын арасында(гы тандалган адамдарга ар кайсы мезгилдерде) пайгамбарлык менен (ыйык) китепти бердик. Анан ал урпактардын арасынан кээ бирөөлөр туура жол табышты. Бирок, көпчүлүгү бузукулар эле.

57:27 Кийин алардын изинен (башка) пайгамбарларыбызды жибердик. Марямдын уулу Исаны да алардын артынан жиберип, ага Инжилди бердик жана ага ээрчиген адамдардын жүрөгүнө ырайым-мээрим салдык. Ал эми, кечилдикти болсо, Биз парыз кылбасак деле, Аллахты ыраазы кылабыз деп өздөрү ойлоп табышты. Бирок, аны чындап аткара алышпады. Биз алардын арасынан (Аллахка жана Мухаммадга) ыйман келтиргендерге соопторун беребиз. Алардан көпчүлүгү бузукулар.[1]

57:28 Оо, (Мусага жана Исага) ишенгендер! Аллахтан корккула жана Анын пайгамбарына (Мухаммадга) да ыйман келтиргиле! Ошондо силерге Өз ырайымынан эки эсе берет,[1] аны менен (Кыямат караңгылыгында) жүрө турган нур тартуулайт жана күнөөңөрдү кечирет. Аллах - Кечиримдүү, Ырайымдуу.

57:29 (Мухаммадга ыйман келтирбеген) китеп элдери билип алышсын: алар Аллахтын пазилетинен эч нерсеге ээ эмес. Пазилет Аллахтын гана Колунда, аны каалаган пендесине берет.[1] Аллах улук пазилет Ээси!