Шамсуддин Хакимов — 538
57:4 Ал асмандар менен жерди алты күндө жаратып, кийин Арштан Бийик болду. Ал жерге кирген жана жерден чыккан, асмандан түшүп жаткан жана ага көтөрүлүп жаткан бардык нерселерди билет. Силер кайда болбогула, Ал силер менен бирге.[1] Аллах силердин (бардык) амалыңарды Көрүүчү.
57:5 Асмандар менен жер мүлкү Ага таандык. Бардык иштер Аллахка кайтат.[1]
57:6 Жана Ал түндү күндүздүн ичине, күндүздү түндүн ичине киргизет.[1] Ал көөдөндөрдөгү сырларды Билүүчү.
57:7 (Оо, адамдар!) Аллахка жана пайгамбарына ыйман келтиргиле жана Аллах халифа-орунбасар кылган нерселерден[1] (Аллахтын Жолуна) садака кылгыла. Силерден ким ыйман келтирсе жана садака кылса, аларга чоң сыйлыктар бар.
57:8 Силерге не болгон, пайгамбар Раббиңерге ыйман келтирүүгө чакырып турса да, Аллахка ыйман келтирбей жатасыңар?! Эгер ыймандуу болсоңор, ал убадаңарды алган эле го?!
57:9 Ал силерди караңгылыктардан Нурга чыгаруу үчүн пендесине (Мухаммадга) анык аяттарды түшүрдү. Аллах силерге өтө Ырайымдуу, Мээримдүү.
57:10 Силерге не болду, Аллах жолунда садака кылбайсыңар?! Акыры, асмандар жана жер мурасы Аллахка таандык го! Силердин эч кимиңер «Фатхтан»[1] мурун садака кылгандарга жана согушкандарга теңеле албайт. Алардын даражасы (фатхтан) кийин садака кылып, согушкандардан алда канча жогору. Ошентсе да, Аллах бардыгына сооп-сыйлык (бейиш) убада кылган. Аллах ишиңерден Кабардар.
57:11 Ким Аллахка (өзүнүн адал мүлкүнөн) жакшынакай карыз берсе,[1] ага ашыкчасы менен кайтарат жана ага улук сооп (бейиш) бар.