>

Шамсуддин Хакимов — 537

56:77 Ал – Улук Куран!

56:78 Сакталган-жашыруун Китепте![1]

56:79 Аны (Куранды) таза адамдар гана кармайт.[1]

56:80 Ал – ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн.

56:81 Силер бул (Улук) Сөздү баалабайсыңарбы?!

56:82 Аны «жалган» деп, четке кагууну өнөр-ырыскы кылып аласыңарбы?!

56:83 (Эгер бир жакыныңардын) жан(ы) алкымга келсе,

56:84 Ошондо (колуңардан эч нерсе келбей) карап каласыңар.

56:85 (Анткени), аларга (илим-кудуретибиз жана периштелерибиз менен) силерге караганда Биз жакыныраакпыз. Бирок, силер (аларды) көрбөйсүңөр.

56:86 Эгер силер (өлбөс жана) эсеп бербес болсоңор,

56:87 (Алкымына келген) жанды кайтаргылачы кана, эгер чынчыл болсоңор?!

56:88 Эми эгер (жаны алкымга келген) адам алдыңкылардан болсо,

56:89 (Ага наркы дүйнөдө) ырахат, жыргал жана «Наим» бейиши даяр!

56:90 Ал эми ал оң тарап ээлеринен бири болсо,

56:91 Анда сага (эй жаны алкымына келген пенде), оң тарап ээлеринин саламы болсун!

56:92 Эгерде ал адашкан жана (Куранды) «жалган» дегендерден болсо,

56:93 Ага кайнак суудан «сыйтамак» берилип,

56:94 Тозокко ташталат!

56:95 Чынында бул (айтылгандар) эч күмөнсүз Акыйкат.

56:96 Демек, Улук Раббиңдин ысымын аруулагын (ар убак)!

57:1 Аллахка асмандардагы жана жердеги бардык нерселер тасбих айтат. Ал – Кудуреттүү, Даанышман.

57:2 Асмандар менен жердин мүлкү Ага таандык. Ал тирилтет жана өлтүрөт. Ал – ар кандай нерсеге Кудуреттүү.

57:3 Ал эң абалкы жана эң акыркы, эң жогорку жана эң терең. (Ошондуктан) Ал бардык нерсени Билүүчү.