Шамсуддин Хакимов — 536
56:51 Кийин, эй, акыретти «жалган» деп адашкандар,
56:52 «Заккум» дарагын(ын ачуу, тикенектүү «мөмөсүн») жейсиңер!
56:53 Аны менен курсагыңарды толтуруп,
56:54 Үстүнөн кайнак суу ичесиңер.
56:55 Суусаган төө сыяктуу (жуткунуп) ичесиңер!»
56:56 Алардын Кыяматтагы «сыйтамагы» – ушул!
56:57 (Оо, инсандар!) Силерди биз жаратканбыз, ишенгиле!
56:58 Өзүңөр агызган бел суу жөнүндө ойлоп көрдүңөрбү?
56:59 Аны (адам кылып) өзүңөр жаратып аласыңарбы же биз жаратабызбы?
56:60 Силердин араңардагы өлүмдү да Биз тагдыр кылганбыз жана Биз алсыз эмеспиз,
56:61 Силерге окшогондорду (кыйратып башка элге) алмаштырууга жана (Кыяматта) силерге белгисиз абалда кайра жаратууга.
56:62 Билесиңер го, (Аллах жасаган) абалкы жаратууну. Эсиңерге келбейсиңерби?![1]
56:63 Өзүңөрдүн эгиндериңерге карабайсыңарбы:
56:64 Аны өзүңөр өндүрдүңөрбү же Биз өндүрдүкпү?
56:65 Эгер кааласак Биз аны кууратып коймокбуз. Анан силер таңыркаган бойдон кайгырып:
56:66 «Чынында биз зыянга баттык!
56:67 (Ырыскыдан) кол жууп калдык!» - демексиңер.
56:68 Ичип жаткан сууңарга карабайсыңарбы:
56:69 Аны булут арасынан силер түшүрдүңөрбү же Биз түшүрдүкпү?!
56:70 Эгер кааласак Биз аны туздуу кылып коймокбуз. Шүгүр кылбайсыңарбы?!
56:71 Өзүңөр жагып жаткан отко байкоо салдыңарбы?
56:72 Анын (отун болгон) дарагын өзүңөр жаратып алдыңарбы же Биз жаратып бердикби?
56:73 Биз жаратканбыз аны, (Кыяматтагы тозок отунан) эскерме иретинде жана мусапырлар пайдаланышы үчүн.
56:74 Эми (оо, Мухаммад) Улук Раббиңдин ысымын (кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула!
56:75 Мен жылдыздардын (баткандагы жана чыккандагы) орду менен ант ичемин.
56:76 Бул өтө улук ант, эгер билсеңер.