Шамсуддин Хакимов — 535
56:17 (Алардын кызматында) түбөлүк жаш жигиттер тегеренип жүрүшөт,
56:18 Таттуу шарап толтурулган, көзөлөрү, кумуралары, чөйчөктөрү менен.
56:19 Ал шараптан алардын баштары оорубайт жана мас болушпайт.
56:20 (Кызматчы жигиттер, алар) тандаган мөмөлөр менен,
56:21 табити каалаган (ар түрдүү, бышкан) куш эттери менен (тегеренип жүрүшөт).
56:22 Жана (алар үчүн) бакыраң көз үр кыздар бар.
56:23 (Седепте) жашынган бермет сыяктуу!
56:24 Жасаган (сооп) иштеринин сыйлыгына!
56:25 (Бейиштегилер) ал жерде маанисиз жана уят (күнөө) сөздөрдү угушпайт.
56:26 Бир гана «салам-салам» (деген) сөздөрдү угушат.
56:27 Оң тарап ээлери. Оң тарап ээлери не деген (бакыт)!
56:28 (Алар) тикенсиз «Сидр»[1] дарагынын арасында,
56:29 Мөмөлүү банан бактарында,
56:30 Жайылган (кенен) көлөкөлөрдө,
56:31 (Шар) аккан суулар(дын боюн)да,
56:32 Көп мөмө-жемиштердин ичинде
56:33 Түгөнбөгөн, үзүлбөгөн[1]
56:34 (Жана) балпайган (жумшак, жибек) төшөктөрдө!
56:35 Биз аларды (бейиштеги үр кыздарды) өзгөчө жаратуу менен жараттык.[1]
56:36 Биз аларды бикир[1] кылып жаратып,
56:37 Бир тегиз куракта жана өтө сүймөнчүк (назик) кылып койдук,
56:38 Оң тарап ээлери үчүн.
56:39 Алар (оң тарап ээлери) абалкылардан болгон жамааттар.
56:40 Акыркылардан болгон жамааттар.
56:41 Жана сол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража)!
56:42 Алар «самум» менен «хамимдин!»[1] ичинде
56:43 жана кап-кара түтүндүн «көлөкөсүндө»!
56:44 Анын салкыны да жок, көркү да жок.
56:45 Алар мурда(гы жашоосунда) арамкор адамдар эле.
56:46 Алар үзгүлтүксүз, чоң күнөөлөрдү жасашкан.
56:47 Жана «Биз өлүп топурак жана (чириген) сөөк болуп калсак деле кайра тирилет бекенбиз?
56:48 Ата-бабаларыбыз дагы (кайра тирилет бекен?)» – дешкен.
56:49 (Аларга айт): «Чынында, абалкылар дагы, акыркылар дагы,
56:50 Белгиленген күндүн убадасына чогултулат.