>

Шамсуддин Хакимов — 534

55:70 Бейиштердин бардыгында татынакай, ай чырайлуу селкилер!

55:71 Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

55:72 Үр кыздар бар, (күн тийбеген) чатырларда сакталган!

55:73 Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

55:74 Аларга мурда эч бир жиндин, эч бир адамдын колу тийбеген.

55:75 Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

55:76 Жашыл тыштуу жаздыктарга, кооз-көркөм килемдерге жамбашташат.

55:77 Раббиңердин дагы кайсы жакшылыгын жалган дей аласыңар?!

55:78 Улуулуктун жана урматтуулуктун Ээси – Раббиңдин ысымы таберик!

56:1 (Кыяматтык) окуя болгондо...

56:2 Анын болгонун эч ким «жалган» дей албайт.

56:3 Ал төмөндөтүүчү, бийиктетүүчү.[1]

56:4 Жер катуу силкинип, титирегенде...,

56:5 Тоолор дагы талкаланып,

56:6 чаң-тозонго айланганда...,

56:7 Жана силер (төмөндөгү) үч тайпага бөлүнгөндө:

56:8 Оң тарап ээлери. Оң тарап ээлери кандай (бийик даража)!

56:9 Жана сол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража)!

56:10 Алдыңкылар – алдыңкылар.

56:11 Ошолор (Аллахка) жакын болгондор![1]

56:12 Алар «Наим» (нээматы эң көп) бейиштерде болушат.

56:13 Мурунку коомдордон болгон көптөгөн жамааттар.

56:14 Акыркылардан азыраак жамааттар (түшөт).

56:15 Алар (асыл таштар аралаш) токулган сөрүлөрдө

56:16 жамбаштап, бири-бирине бетмаңдай (сүйлөшүп) отурушат.