>

Шамсуддин Хакимов — 533

55:42 Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

55:43 Күнөөлүүлөр жалган деген тозок – ушул.

55:44 Алар тозок менен «хамимдин» арасында айланышат.[1]

55:45 Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

55:46 Ал эми, Раббисинин алдында (сурак берип туруудан) корккондорго эки бейиш-бак берилет.[1]

55:47 Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

55:48 Эки бак тең бутактуу.[1]

55:49 Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

55:50 Экөөндө тең агып турган булактар!

55:51 Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

55:52 Экөөндө тең жуп-жуптан ар түркүн мөмөлөр бар.

55:53 Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

55:54 (Бейиш ээлери) ичилиги жибек төшөктөргө жөлөнүп отурушат. Эки бейиштин тең мөмөлөрү ийилген.

55:55 Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

55:56 Ал төшөктөрдө инсандын да, жиндин да колу тийбеген жана көзүн (жат эркектен) сактаган үр кыздар бар.

55:57 Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

55:58 Ал үр кыздар жакут-маржан сыяктуу!

55:59 Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

55:60 Жакшылыктын жообу (ушундай) жакшылыктан башка эмес.

55:61 Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

55:62 Эки бейиштен ылдыйраакта дагы эки бейиш бар.[1]

55:63 Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

55:64 Эки (күмүш) бейиш тең жашыл түстө.

55:65 Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

55:66 Экөөндө тең атырылган булактар!

55:67 Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!

55:68 Экөөсүндө тең мөмөлөр, курмалар жана анарлар!

55:69 Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!