Шамсуддин Хакимов — 532
55:19 Ал деңиз менен дайраны(н суусун) аралаштырды.
55:20 (Бирок), ортосунда (Аллах койгон) тосмо бар: өтүшпөйт.[1]
55:21 Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
55:22 Алардан (Аллах) берметтерди, шуруларды чыгарат.
55:23 Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
55:24 (Адам колу менен) жасалган деңиздеги тоо сыяктанган кемелер дагы (чынын айтканда) Анын мүлкү.
55:25 Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
55:26 Жер жүзүндөгү бардык нерсе жок болуучу.
55:27 Бир гана улуу-урматтуулук Ээси болгон Раббиңдин Жүзү түбөлүк!
55:28 Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
55:29 Асмандагы жана жердегинин бардыгы Андан (жардам, ырыскы) сурашат. Ал ар күн сайын иш үстүндө.
55:30 Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
55:31 Эй, инсандар жана жиндер! Силер(ден эсеп алуу) үчүн бошой алабыз![1]
55:32 Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
55:33 Эй, инсандар менен жиндер жамааты! Эгер асмандар менен жердин чекараларынан чыгып кете алсаңар – кете бергиле. (Аллахтан) уруксат (же кубат) берилмейинче чыга албайсыңар!
55:34 Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
55:35 Силерге оттун жалыны менен (эритилген) жез жиберилет жана (бири-бириңерге) жардам бере албай каласыңар.
55:36 Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
55:37 Эгер (Кыямат келип) асман жарылса, кызыл гүлдүн түсүндөй кайнак майга айланат!
55:38 Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
55:39 Ал күндө инсандар менен жиндердин күнөөсү (периштелер тарабынан) суралбайт.[1]
55:40 Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
55:41 Күнөөлүүлөр өңүнөн эле таанылып турат. Анан алардын маңдай көкүлүнөн жана тамандарынан кармалат (дагы, тозокко ташталат).