Шамсуддин Хакимов — 531
54:50 Биздин буйругубуз көз ирмем сыяктуу бир гана («Бол!» деген сөздөн турат).[1]
54:51 Биз силерге окшогондорду(н көбүн) кыйратканбыз. Эстеген бирөө барбы?
54:52 Алардын бардык иштери (периштелер жазган) китептерде бар.
54:53 Жана бардык чоң-кичине (нерселер) жазылган.
54:54 Чынында, такыба адамдар бейиштерде жана дайралард(ын боюнд)а.
54:55 Кудуреттүү Падышанын алдындагы чыныгы (бардык ырахат-жыргалы бар) мажилисте.
55:1 Ар-Рахман.
55:2 Куранды таалим берди,
55:3 Инсанды жаратты,
55:4 (Жана) ага баянды – сөздү үйрөттү.
55:5 Күн дагы, Ай дагы (Аллах койгон) эсеп менен (айланат).
55:6 Жылдыз дагы, дарак дагы (Раббисин таанып, Ага) сажда кылат.
55:7 (Аллах) асманды бийик көтөрдү жана (жерге) адилеттүүлүк орнотту.
55:8 Таразада кыянат кылбагыла деп.
55:9 Адилет менен өлчөгүлө жана таразадан «кымтып» калбагыла!
55:10 Ал жерди калк-калайык[1] үчүн (мекен) кылды.
55:11 Анда (ар түрдүү) мөмөлөр жана бүчүр түйгөн курмалар,
55:12 Кылкандуу дандар жана жыпар жыттуу гүлдөр бар!
55:13 Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы жакшылыгын жалган дей аласыңар?!
55:14 Ал инсанды (Адам-Атаны) чопо сыяктуу кургак ылайдан жаратты.[1]
55:15 Жин-Иблисти болсо, оттун жалынынан жаратты.[1]
55:16 Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
55:17 Ал эки чыгыш менен эки батыштын[1] Раббиси.
55:18 Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!