>

Шамсуддин Хакимов — 530

54:28 Жана аларга кабар бер, суу (ичүү кезеги) бөлүнгөнүн, ар бир ичүү(гө кезек ээси) даяр турганын.[1]

54:29 Анан алар (келишимди бузуп), өздөрүнүн бир (мыкаачы) шеригин чакырышты. Ал болсо, (төөнү) кармады жана союп жиберди.

54:30 (Карагыла) Менин азабым жана эскертүүм кандай болгонун:

54:31 Биз аларга бир чаңырык[1] жибердик эле, короо курган(чабан)дын куурайындай болуп (төгүлүп) калышты.

54:32 Биз Куранды эскерүүгө жеңил кылдык, эскерүүчү барбы?

54:33 Лут (коому) дагы (аяттарды) жалганга чыгарышты.

54:34 Биз аларга (таш) бороонун жибердик. Бир гана Луттун үй-бүлөсүн таң убактысында куткардык.

54:35 Өзүбүздөн жакшылык иретинде. Шүгүр кылгандарды ушинтип сыйлайбыз.

54:36 (Лут) аларга Биздин азапты эскерткен эле. Бирок, алар эскертүүдөн шектеништи.

54:37 Жана анын мейманын[1] (бачабаздык үчүн чыгарып берүүнү) талап кылышты. Биз алардын көзүн сокур кылып койдук. Эми, Менин эскертүүм жана азабымды(н даамын) татышсын![2]

54:38 Жана аларга таң мезгилинде үзгүлтүксүз азап (таш бороону) келди.

54:39 Эми, Менин эскертүүмдү(н) жана азабымды(н даамын) татышсын!

54:40 Биз Куранды эскерүү үчүн жеңил кылдык, эскерүүчү барбы?

54:41 Жана Фараон адамдарына дагы эскертүүлөр келген.

54:42 (Бирок), бардык аят-моожизаларыбызды жалганга чыгарышты. Кийин Биз аларды Жеңилгис, Кудуреттүүнүн азаптаганы сыяктуу азаптадык.

54:43 (Оо, Курайш эли!) Силердин араңардагы каапырлар абалкы каапырлардан жакшыбы? Же абалкы ыйык китептерде («Курайш каапырларына азап келбейт» деген) актооңор барбы?

54:44 Же болбосо алар «Биз жеңилгис жамаатпыз» дешеби?!

54:45 Жакында жеңилишет жана аркасына (карабай) качышат.[1]

54:46 Жок! (Алар муну менен кутулбайт!) Кыямат – аларга (азап) убада кылынган Күн! Кыямат(тын азабы) улуу жана ачуураак!

54:47 Чынында, күнөөкөрлөр адашуучулукта жана азапта.

54:48 Жүзү менен отко сүйрөлгөн күнү (аларга): «Тозок азабын таткыла!» (деп айтылат).

54:49 Биз бардык нерсени тагдыр-өлчөм менен жаратканбыз.