Шамсуддин Хакимов — 529
54:7 Бардыгы көздөрү жоодураган абалда, башаламан чегирткелердей мүрзөлөрүнөн чыгышат.
54:8 Чакыруучуга шашылып баратканда каапырлар «Бул өтө оор күн!» дешет.
54:9 Алардан мурун Нух коому дагы (чындыкты) «жалган», пендебизди «жалганчы», «жинди» деп, (ар кандай сөздөр менен) опузалашкан.
54:10 Анан ал Раббисине дуба кылып: «Оо, Раббим! Мен алсыз калдым, мага жардам бер!» - деп дуба кылды.[1]
54:11 Кийин Биз асман эшиктерин нөшөр жамгырга ачып жибердик.
54:12 Жерден дагы атырылган булактарды чыгардык. Анан...(Аллах тарабынан) тагдыр кылынган ишти болтуруу үчүн эки суу кошулду.[1]
54:13 Биз аны (Нухту) тактайлар жана мыктар менен куралган нерсе(кеме)де (суу үстүнө) көтөрдүк.
54:14 Ал (кеме) Биздин көз алдыбызда, каапырлар тарабынан четке кагылган кишиге сыйлык болуп желип баратты.
54:15 Биз аны(н окуясын кудуретибизге) далил кылып калтырдык. Эми (мындан) сабак алаар жан бар бекен?
54:16 Менин азабым жана эскертүүм кандай болуптур?!
54:17 Биз Куранды эскергенге[1] жеңил кылдык. Кана, ким эскерет?
54:18 Аад (коому) дагы «жалганчы» деген эле (Худ пайгамбарды). Анан Менин (аларга көргөзгөн) азабым жана эскертүүм кандай болду!
54:19 Алардын үстүнө каргашалуу күндө (жети түн, сегиз күн бурганактаган) токтоосуз катуу бороон жибердик.
54:20 Ал адамдарды омкорулган курма дарагы сыяктуу (турган жеринен) жулуп алды (жана башы менен жерге чапты!)
54:21 (Каапырларга) Менин азабым жана эскертүүм кандай экен?!
54:22 Биз Куранды эскерүүгө жеңил кылдык, эскерүүчү барбы?
54:23 Самуд (коому) дагы (аяттарды) жалганга чыгарып:
54:24 (Мындай) дешти: «(Биз көп болсок), өз арабыздагы жалгыз адамга ээрчийбизби? Анда биз анык адашабыз, жиндиликте калабыз!
54:25 Вахий-кабар ушуга берилеби арабыздан (адам куруп калгансып)?! Жок! Бул жеткен жалганчы, эң жаман адам!
54:26 Эртең эле (азап түшсө) билишет, ким жалганчы, жаман адам экенин!
54:27 (Оо, Салих!) Биз аларды сынаш үчүн (аска таштан) бир төө чыгарып бердик. Эми аларга назар салып, сабыр кылып тур.