>

Шамсуддин Хакимов — 528

53:45 Эркек-аял – эки жупту жараткан да Анын Өзү.

53:46 (Жатындарга) атырылган бел суудан!

53:47 Экинчи ирет (кайрадан) жаратыш да Анын иши.

53:48 Жана (каалаганын) беймуктаж, бай кылган да Анын Өзү.

53:49 (Мушриктер сыйынган) Шиъранын[1] Раббиси да Анын Өзү.

53:50 Абалкы Аад коомун кыйраткан да Анын Өзү.

53:51 Самудду дагы (эч кимисин) калтырбай.

53:52 Буга чейин Нух коомун да кыйраткан. Себеби алар чектен чыккан залым коом болушкан.

53:53 «Муьтафика» (деп аталган Лут коомунун шаарларын астын-үстүн) оодарган да (Бир Өзү).

53:54 Анан аларды орогон нерсе (таш бороону) ороп алды!

53:55 Эми (эй, инсан) Раббиңдин кайси ишинен шектенесиң?

53:56 Бул (Мухаммад) абалкы эскертүүчүлөрдүн бири.[1]

53:57 Жакындашуучу (Кыямат) жакын калды.

53:58 Аны(н качан болушунун сырын) Аллахтан башка эч ким ача албайт.

53:59 Силер (эй, мушриктер) бул Сөздөн (Курандан) таң калып жатасыңарбы?!

53:60 (Аны укканда жүрөгүңөр ээрип) ыйлагандын ордуна (мыскылдап) күлүп жатасыңарбы?!

53:61 Силер (ага) көңүл бурбадыңар.

53:62 Эми (ынсапка келип) Аллахка сажда жана ибадат кылгыла!

54:1 Кыямат жакындашты жана Ай (экиге) бөлүндү.[1]

54:2 Алар (Курайш каапырлары) моожизаны көрүп турса да, (чындыктан) жүз үйрүп «Бул – ар дайымкы сыйкыр» - дей баштады.

54:3 Жана (пайгамбарды) жалганчыга чыгарып, өздөрүнүн каалоолорун ээрчиди. Бирок, ар бир иш (Кыяматта) өз ордун табат.

54:4 Аларга (абалкы каапыр коомдордун) жүрөк үшүткөн кабарлары келген эле.

54:5 (Аларга келген Куран) далил-даанышмандыктын жеткен чеги эле. Эми аларга эскертүүчүлөр пайда бербейт.

54:6 Сен дагы алардан жүз үйрү(п, Кыяматтагы жазаланышын күт)! Ал эми, Чакыруучу (Исрафил периште Сур кернейин тартып) жагымсыз нерсеге (Махшар майданына) чакырган күндө...