Шамсуддин Хакимов — 527
53:27 Чынында, акыретке ыйман келтирбеген адамдар периштелерди аял аттары менен аташат.
53:28 Алардын илими жок. Күмөндү гана ээрчишет. Ал эми, күмөн деген эч качан акыйкаттын ордун баса албайт.
53:29 Эми сен Биздин зикирибизден жүз бурган жана дүйнө жашоосун гана каалаган адамдардан түңүл.
53:30 Алардын илимден жеткен чеги – ушул. Раббиң Өзүнүн Жолунан ким адашып кеткенин жана ким туура жол тапканын билип турат.
53:31 Күнөө жасагандарды кылмышына жараша жазалоо жана сооп иш жасагандарды анысынан жакшыраак (бейиш) менен сыйлоо үчүн асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллахка таандык.
53:32 Майда күнөөлөрдөн башка өтө бузук жана чоң күнөөлөрдөн сактанган кишилер үчүн Раббиңдин кечирими кенен.[1] Ал силерди жерден жараткан кезди да, энеңердин курсагындагы ымыркай кезиңерди да эң жакшы билет. Өзүңөрдү актабай эле койгула. Аллах такыбаларды да эң жакшы билет.
53:33 Сен (акыйкаттан) бурулуп кеткендерди көрбөй жатасыңбы?
53:34 Алар аз гана (садака) беришет жана токтоп калышат.
53:35 Же алардын алдында көрүп турган кайып илими барбы?![1]
53:36 Же ага Мусанын (Тоорат) сахипасындагы кабарлар жетпегенби?
53:37 (Аллахтын буйругуна) опаа кылган Ибрахимдин (барактарынын) кабарычы?
53:38 (Аларда) «Эч бир жан башканын күнөөсүнө жооп бербейт
53:39 Жана ар бир инсанга өз аракетинен башка(нын сообу) болбойт» (деп жазылган).
53:40 Анын арекети жакында (Кыяматта) көргөзүлөт.
53:41 Кийин өзүнө ылайык жазасы (же сыйлыгы толук) берилет.
53:42 Чынында, (бардык калк-калайык) акыры Раббиңе кайтат.
53:43 Күлдүргөн да, ыйлаткан да Анын Өзү.
53:44 Өлтүргөн да, тирилткен да Анын Өзү.