Шамсуддин Хакимов — 526
53:1 Батып бара жаткан жылдызга ант![1]
53:2 (Эй, Курайш мушриктери!) Силердин жаныңардагы (Мухаммад) адашкан да эмес, азгырылган да эмес.
53:3 Жана ал абадан (өзүнүн ой-каалоосунан чыгарып) сүйлөбөйт.
53:4 Алар (ал сүйлөгөн сөздөр - Аллахтан келген) аян-кабарынан башка эмес.
53:5 Ага (ал кабарды) өтө күч-кубаттуу (Жебирейил периште) үйрөткөн.
53:6 Көрктүү, кудуреттүү (Жебирейил периште) көтөрүлдү
53:7 жана жогорку асман мейкиндигинде (асыл кыяпаты менен көрүндү)[1]
53:8 Кийин ага (пайгамбарга) өтө жакын келди.
53:9 Эки жаа бою же андан да жакыныраак.
53:10 Анан (Аллах анын ортомчулугу менен) Өз пендесине вахий кылды.
53:11 (Көз) көргөндү көкүрөк тастыктады!
53:12 (Эй, мушриктер!) Силер ал (Мухаммад) менен, өзү көргөн нерсе жөнүндө талашасыңарбы?[1]
53:13 (Мухаммад) аны (Жебрейилди) экинчи ирет дагы көрдү.
53:14 «Сидратул мунтахаанын»[1] алдында.
53:15 «Маьваа» бейиши ошол дарактын алдында.
53:16 Капыстан (Аллахтын буйругу менен) «Сидрат» дарагын бир улук нерсе ороп калды.[1]
53:17 (Мухаммаддын) көз(ү) четке бурулбады жана (буюрулган нерсени көрүүдөн) четтебеди.
53:18 Ал (Мээраж түнүндө) Раббисинин (Кудуретинин) чоң белгилерин анык көрдү.
53:19 «Лат» менен «Уззага» карабайсыңарбы?
53:20 «Манатка» дагы, алардын үчүнчүсү.[1]
53:21 Өзүңөргө уул, Ага кыз перзентпи?![1]
53:22 Анда бул бөлүштүрүү абдан чоң ката!
53:23 Алар өзүңөр жана ата-бабаңар (оюнан чыгарып) атап алган ысымдардан башка эмес. Аллах аларга далил түшүрбөгөн. Алар күмөндү жана напси каалаган нерселерди гана ээрчип жатышат. Аларга Раббиси тарабынан туура жол келген болчу.
53:24 Же инсан каалаганын жасай береби?!
53:25 Акырет дагы Дүйнө дагы Аллахга таандык.
53:26 Асмандарда канча периште болсо, Аллах Өзү каалаган жана ыраазы болгон пендесине уруксат бермейинче, алардын шапаатынан эч пайда жок!