>

Шамсуддин Хакимов — 524

52:15 Эмне, бул сыйкыр бекен! Же силер көрбөй жатасыңарбы?

52:16 Ага киргиле! Чыдайсыңарбы, чыдабайсыңарбы, силерге баары бир! Силер, аныгында жасаган ишиңердин гана жазасын аласыңар!».

52:17 Ал эми, (Раббисинен) корккон кишилер бейиштердин жана нээматтардын ичинде.

52:18 Раббилери берген нээматтардан жыргаган абалда. Жана аларды Раббилери тозок азабынан сактайт.

52:19 (Аларга) «(Сооптуу) иш кылганыңар үчүн (каалаган нерсеңерден) жегиле жана ичкиле, аш болсун!» (деп айтылат).

52:20 (Алар бейиштеги дарыялардын жээгинде) катар тизилген сөрүлөрдүн[1] үстүндө жамбаштап жатышат. Биз аларды бакыраң көз «үр» кыздарга үйлөнтүп койобуз.

52:21 Ал эми, ыйман келтирип, урпактары дагы (аларды) ыйман менен ээрчиген адамдарга (бейиште) урпактарын кошобуз. Бирок, алардын (бабалардын) амалдарынан эч нерсе кемитилбейт. Ар бир адам өз ишинин туткуну.[1]

52:22 Жана Биз аларды (ар түрдүү) мөмөлөр ошондой эле, каалагандай куш эттери менен ырахаттандырабыз.

52:23 Алар анда (бейиште шарап толтурулган) чөйчөктөрдү бири-бирине сунушат. Ал шарапта(н) алжыгандык да болбойт, күнөө иштер да болбойт.

52:24 Аларды(н кызматында седептин ичине) катылган бермет сыяктуу жаш (сулуу) жигиттер айланчыктап турушат.

52:25 Жана (бейиштегилер) бири-бирине бет маңдай (отуруп) суроо-жооп менен кайрылышты:

52:26 (Жана мындай) дешти: «Биз илгери (дүйнөдөгү жашообузда) өз элибиздин арасында (Аллах тааладан) коркуучулар элек.

52:27 Анан бизге Аллах (Ислам менен) жакшылык кылды. Жана бизди тозок азабынан сактап калды.

52:28 Биз мурда ага (ыклас) дуба кылчу элек. Чынында ал жакшылык кылуучу, Ырайымдуу.

52:29 (Оо, Мухаммад! Үммөтүңө) эскерткин! Сен Раббиңдин нээматы себептүү бакшы (көзү ачык) да эмессиң, жинди да эмессиң.

52:30 Же болбосо, алар (мушриктер: «Бул) акын. Анын өлүмүн күтө туралы» - дешеби?

52:31 Айткын: «Күтө бергиле. Мен да силерге кошулуп (Аллах силерге азап берүүсүн) күтөмүн».