>

Шамсуддин Хакимов — 523

51:52 Ошентип, алардан (Мекке мушриктеринен) мурунку элдерге да (качан) бир пайгамбар келсе, «сыйкырчы» же болбосо «жинди» дешкен.

51:53 Алар бири-бирине («пайгамбарды укпагыла» деп) осуят калтырышты беле? Жок! (Андай эмес. Болгону) алар(дын бардыгы Аллахка) каршы чыккан элдер.

51:54 (Оо, Мухаммад), сен алардан жүзүңдү бур! (Алардын күнөөгө батканы үчүн) сен айыптуу эмессиң.

51:55 Ал эми, (ыймандууларга Раббисин) эстет! Чынында, эскертүү ыймандууларга пайда берет.

51:56 Мен жин жана инсанды Бир Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым.[1]

51:57 Мен алардан ырыскы сурабаймын. Мени тамактандырууларын да сурабаймын.[1]

51:58 Чынында, Аллахтын Өзү бекем кубат Ээси болгон Ырыскы Берүүчү.

51:59 Эми, зулум кылган (каапыр) адамдарга болсо, өздөрүнүн (мурунку замандардагы) шериктеринин азабына окшош (түбөлүк) азап бар. (Ал азапты) шаштырбай турушсун!

51:60 Каапыр адамдар үчүн аларга убада кылынган күндө (Кыяматта) өлүм болсун!

52:1 Тур тоосуна ант![1]

52:2 Жана жазылган Китепке[1] ант.

52:3 Анык-ачык сахипанын (барактын) жүзүнө,

52:4 Жана Абад Үйгө[1] ант!

52:5 Жана бийик тамга (асманга) ант!

52:6 Жаңы толуп-ташкан деңизге ант!

52:7 (Оо, Мухаммад) Раббиңдин азабы, албетте болуучу!

52:8 Аны (эч бир) кайтаруучу жок!

52:9 Ал Күндө (Кыяматта) асман катуу титирейт.

52:10 Жана тоолор (мейкиндикте учуп) жүрөт.

52:11 Ал күнү жалганчыларга өлүм болсун!

52:12 Алар (өз жалгандарында) чумкуп ойногон эле.

52:13 Ал күнү алар тозок отуна түртүп киргизилет (анан аларга айтылат:)

52:14 «Силер жалганга чыгарган тозок – ушул!