Шамсуддин Хакимов — 522
51:31 «Оо, элчилер, эмне жумуш менен?» – деди. (Ибрахим)
51:32 (Периштелер) айтты: «Биз күнөөкөр коомго (Лут коомуна) жиберилдик.
51:33 Алардын үстүнө чопо-таштарды жаадырыш үчүн,
51:34 Ал ысырапчылар үчүн Раббиңдин алдында (ар бирине тие турган ташка ысымдары) белгиленип коюлган.
51:35 Биз ыймандууларды (шаардан) чыгардык.
51:36 Ал жерде бир гана (Лутка тиешелүү) үйдөн[1] башка мусулмандарды таппадык.
51:37 Жана биз ал жерде катуу азаптан корко турган элдер үчүн (апааттын) белгилер(ин) калтырдык.
51:38 Муса(нын окуясын)да дагы (азаптан корко турган элдер үчүн) белгилер бар. Бир кезде Биз аны Фараонго анык далил (дин) менен жибердик эле...
51:39 (Фараон) далысын салып, тескери карады жана: «(Муса) сыйкырчы жана жинди» - деди.
51:40 Биз аны жана аскерлерин (азап менен) кармап, толкундардын арасына ыргыттык. Ал айыпталган (күнөөкөр) болчу.
51:41 Жана Аад (окуясын)да (сабак) бар: бир кезде Биз аларга кысыр[1] шамалды жибердик.
51:42 Ал эмнеге тийген болсо, баарын чириген сөөк сыяктуу кылып койду.
51:43 Жана Самуд (элинин окуясын)да (белги) бар. Бир кезде аларга: «Убактысы келгенге чейин (үч күн дүйнө жыргалынан) пайдаланып калгыла» деп айтылды.[1]
51:44 Алар Аллахтын буйругуна каршы чыгышты. Анан (капыстан) аларды, карап турган абалдарында ач айкырык кармады![1]
51:45 (Жаткан, олтурган орундарынан) турганга да үлгүрбөй (кыйрап) калышты! Алар жардам берилгендерден болушпады.
51:46 Биз андан мурун Нух(тун каапыр) коомун да (кыйраткан элек). Алар бузуку коом болгон.
51:47 Биз асманды Күч-Кудурет менен курдук жана Биз аны кеңейтүүчүбүз.
51:48 Жерди болсо (төшөк кылып) жазып (жашоого даярдап) койдук. Биз эң жакшы даярдоочубуз!
51:49 Жана Биз ар бир нерсени жубу менен жараттык. Кана эми, эскерсеңер!
51:50 (Бардык күнөөдөн) Аллахка гана качкыла! Мен силерге Андан (жиберилген) анык эскертүүчүмүн!
51:51 Аллах менен бирге (өзүңөргө) башка кудай тутпагыла! Мен силерге Андан (жиберилген) анык эстетүүчүмүн!