Шамсуддин Хакимов — 520
50:36 Биз алардан (Мекке мушриктеринен) мурун нечен-нечен (каапыр) муундарды кыйратканбыз. Алар булардан кубаттуураак болчу. (Балээ келгенде) шаарларда тыркырап, (качканы жай таппай калышты). (Аллахтын азабынан) кача турган жер бар бекен?!
50:37 Албетте, бул нерседе (соо) жүрөктүү же болбосо сергек абалда кулак салган адамдар үчүн сабактар бар.
50:38 Биз асмандарды, жерди жана экөөнүн арасындагы нерселерди алты күндүн ичинде (толук) жараттык жана Бизди (эч кандай) чарчоо кармабады.
50:39 Алардын сөздөрүнө сабырдуу бол! Жана күн чыкканга чейин жана (күн) батаардан мурун Раббиңди даңктап тасбих айт!
50:40 Дагы түндүн бир бөлүгүндө, саждалардын артынан Ага тасбих айт!
50:41 Жакын жерден бир жарчы (Исрафил периште Сур кернейи менен ) жар чакырган Күнү ага кулак сал!
50:42 Ал Күнү (бардык калайык-калк) акыйкат айкырыкты угат. Бул – (мүрзөдөн тирилип) чыгуу Күнү.
50:43 Чынында (инсаниятка) Биз жашоо бергенбиз жана Өзүбүз жанын алабыз. Жана кайтуу - Өзүбүзгө!
50:44 «Ошол (Сур тартылган) Күндө аларга (мүрзөлөрдө жаткандарга) жер жарылып, шашкан абалда (чыгып келишет.) Бул чогултуу Биз үчүн өтө жеңил».
50:45 Алардын эмне деп жатканын Биз эң жакшы билебиз. Сен аларды мажбурлоочу эмессиң.[1] Эми сен Менин коркунучтуу убадаларымдан корккон адамдарды Куран менен эскерт!
51:1 (Топуракты) тозгута желген шамалдарга ант!
51:2 Көп сууга (жамгырга) кош бойлуу болгон булуттарга ант!
51:3 Жеңил сызып жүрүүчүлөргө (кемелерге) ант!
51:4 (Аллахтын тапшырмасы менен ааламдык) иштерди бөлүштүрүүчү периштелерге ант!
51:5 (Оо, пенделер!) Силерге убада кылынган нерсе[1] – бул чындык!
51:6 Жана Кыямат сөзсүз болуучу!