>

Шамсуддин Хакимов — 519

50:16 Инсанды Биз жаратканбыз жана анын напсиси азгыра турган нерселерди да Өзүбүз билебиз. Биз ага күрөө тамырынан да жакынбыз.[1]

50:17 Анткени, (инсандын) оң жана сол тарабында (Биз жиберген) эки кабыл алуучу (периште) олтурат.[1]

50:18 Кандай гана сөз сүйлөбөсүн, анын алдында күзөтчү (периште) турат.

50:19 (Эй, күнөөкөр адам!) Өлүм масчылыгы Акыйкатта (мына башыңа) келди! Сен качып жүргөн нерсе – ушул!

50:20 Жана (мынакей), Сур (кернейи) да тартылды. Бул - убада кылынган Күн.

50:21 Жана ар бир жан (ээси) бир айдоочу жана бир күбө болуучу (периштенин) коштоосунда (сурак майданына) келди.

50:22 (Эй, Акыретти жалган деген пенде!) Сен мындан капылетте (кайдыгер) болчусуң. Анан Биз сенин (кайдыгерлик) пардаңды ачып салдык. Мына эми, бүгүн сенин көздөрүң (аябай) өткүр![1]

50:23 Жана анын (бул дүйнөдөгү) коштоочу периштеси айтты: «Бул (каапырдын жасаган иштеринин тизме китеби) менин алдымда даяр». (Анан коштогон эки периштеге айтылды):

50:24 «Тозокко таштагыла, (чындыкты) четке каккан ар бир каапырды,

50:25 чектен ашып, (Акыреттен) шектенген жана жакшы (сооп) иштерге бут тоскондорду!

50:26 Алар Аллахка кошуп, башка кудай жасап алган адамдар! Аларды катуу азапка таштагыла!»

50:27 Анын коштоочу шайтаны[1] айтты: «Оо, Рабби! Муну мен (Сага) каршы жолго баштабадым. Бирок, өзү алыс адашууда болгон».

50:28 (Аллах) айтты: «Менин алдымда талашпагыла! Мен силерге Өзүмдүн (тозок жөнүндөгү) кабарымды мурда айтканмын.

50:29 Менин Сөзүм өзгөрбөйт жана Мен пенделерге зулумдук кылуучу эмесмин!»

50:30 Ошол күнү Биз тозокко: «(Каапырларга) толдуңбу?» - дейбиз. Ал: «Дагы барбы?» - дейт.

50:31 Жана бейиш такыба кишилерге алыс эмес (жерге) алып келинет (жана айтылат:)

50:32 «Ушул силерге – ар бир (Аллахка) берилген жана (Анын өкүмдөрүн) сактап жүрүүчүлөргө,

50:33 (жана) кайыптагы Рахмандан корккон, (Раббисине) тообо кылуучу жүрөк менен келген адамдарга убада кылынган нерсе»

50:34 (Дагы аларга) «Бейишке сак-саламат киргиле! Бул түбөлүктүүлүктүн күнү» - деп айтылат.

50:35 Аларга анда каалаган нерселери бар. Жана Биздин алдыбызда кошумча (сооп-сыйлыктар да) бар.