Шамсуддин Хакимов — 518
50:1 Каф.[1] Улук Куранга ант!
50:2 (Курайштык) каапырлар (Курандын улуктугун баалоонун ордуна) тескерисинче, аларга өздөрүнүн эле арасында жүргөн (адам) эскертүүчү-пайгамбар (болуп) келгенине таң калып (мындай) дешти: «Бул кызык нерсе го?!
50:3 Эмне, биз өлүп (чирип) топурак болуп калсак (деле кайра тирилебизби?) Бул – өтө алыс (мүмкүн эмес) кайтуу!»
50:4 Биз, жер алардан (алардын денелеринен «жеп») кемиткен нерсени билдик. Жана Биздин алдыбызда (бардык нерсенин илимин Өзүндө) сактоочу Китеп (Лавхул Махфуз) бар.[1]
50:5 Жок! Аларга Акыйкат (Куран) келген учурда «жалган» деп айтышкан. Алар (Куран жөнүндө) туруксуз пикирде болушту.[1]
50:6 Алар үстүндөгү асманга (акыл көзү менен) карашпайбы?! Биз аны (түркүгү жок) куруп, (жылдыздар менен) кооздоп койдук. Анын жарака-тешиги да жок.
50:7 Биз жерди да кең-кенен кылып (жаратып), ага тоолорду таштап, анын үстүндө ар түрдүү сонун жуптарды өндүрүп-өстүрдүк.
50:8 (Аллахка) кайтуучу ар бир пенде үчүн эскерме жана сабак болсун деп
50:9 Жана Биз асмандан берекелүү суу түшүрүп, аны менен бак-дарактарды, жыйнап алынуучу дандарды өстүрдүк.
50:10 Бутактары мөмөлөгөн бийик курмаларды дагы (өстүрдүк),
50:11 пенделерге ырыскы болсун деп. Жана ал (суу-жамгыр) менен өлүк шаарларды тирилттик. (Кайра тирилип, мүрзөлөрдөн) чыгуу ушул сыяктуу болот.
50:12 Алардан (Мекке мушриктеринен) мурун Нухтун коому, кудук элдери жана Самуд коому (пайгамбарларын) «жалганчы» дешкен.
50:13 Аад коому, Фараон, Луттун (каапыр) бир туугандары дагы.
50:14 Токой элдери жана Тубба коому дагы «жалганчы» дешкенде...(алардын үстүнө) Менин (азап жөнүндөгү) убадам чындап келди.
50:15 Эмне, Биз абалкы жаратууда алсыздык кылган белек? Тескерисинче, алар (Мекке мушриктери) жаңыдан (экинчи ирет) жаратуудан күмөндө болушту.