Шамсуддин Хакимов — 515
48:29 Мухаммад – Аллахтын элчиси! Аны менен бирге (сахаба) болгон кишилер каапырларга катуу-өктөм, бири-бирине боорукер! Сен аларды рукуу-сажда кылган абалында Аллахтан пазилет жана ыраазычылык сурап жаткандарын көрөсүң. Алардын жүздөрүндө сажданын белгилери бар. Бул алардын Тоораттагы сыпаттары. Ал эми, алардын Инжилдеги сыпаттары - өзүнөн көп шак-бутак чыгарып, кубаттанып, анан (ал бутактар) жоон болуп, анан денесин кере түздөп, дыйкандарды таң калтырган дарак сыяктуу. (Бул мисал) каапырлардын көңүлүн чөктүрүү үчүн. Аллах алардын арасынан ыйман келтирип, салих амал кылган момундарга (күнөөлөрүн) кечирүүнү жана улук соопту убада кылды.
49:1 Оо, ыйман келтирген пенделер! Аллахтын жана пайгамбарынын алдында (бир иш же сөз менен) жулунбагыла! Жана Аллахтан корккула! Чынында Аллах - Угуучу, Билүүчү!
49:2 Оо, ыйман келтирген пенделер! Добушуңарды пайгамбардын добушунан бийик көтөрбөгүлө! Билбестиктен улам (сооптуу) ишиңер «күйүп кетпеши» үчүн, бири-бириңерге кыйкырып сүйлөгөндөй ага (пайгамбарга) кыйкырып сүйлөбөгүлө!
49:3 Чынында, Аллахтын элчисинин алдында добушун төмөндөткөн адамдар гана, Аллах алардын жүрөктөрүн такыбалык үчүн сынаган (жана сыноодон өткөн) кишилер. Аларга (Аллах тарабынан) кечирим жана улук сооп бар!
49:4 (Оо, Мухаммад), сага бөлмөлөрдүн артынан кыйкырган кишилердин көпчүлүгү акылын иштетпеген адамдар.