Шамсуддин Хакимов — 512
48:10 Сага ант берген адамдар, чынында Аллахка ант беришти. Аллахтын Колу[1] алардын колунун үстүндө. Эми, кимде-ким убадасын бузса – ал өзүнүн зыянына бузганы. Жана кимде-ким Аллахка берген убадасын аткарса – ага Аллах тез аранын ичинде улук сооп берет.
48:11 Жакында сага (согуштан) калып калган бедуиндер «Бизди мал-мүлкүбүз жана үй-бүлөбүз бошотпой койду. Эми биз үчүн (Аллахтан) кечирим сура» - дешет. Алар жүрөгүндө жок нерсени тили менен айтышууда. Аларга айткын: «Эгер Аллах силерге бир зыян жеткирүүнү кааласа Аллахтан ким сактап калат? Же болбосо, (Аллах) силерге бир пайда (келишин) кааласа (аны ким токтото алат)?» Жок! Аллах силердин (бардык) ишиңерден кабардар!
48:12 Жок! Силер, Пайгамбар менен момундар эч качан үй-бүлөлөрүнө кайтып келбейт деп ойлогон элеңер. Силердин жүрөгүңөргө ушул нерсе (шайтан тарабынан) кооз көргөзүлгөн жана (натыйжада Аллахка да) жаман күмөн кылып, өлө турган коом болуп калган элеңер.
48:13 Кимде-ким Аллахка жана Анын пайгамбарына ыйман келтирбесе, Биз каапырларга тозокту даярдап койгонбуз.
48:14 Асмандардын жана жердин мүлк-падышалыгы Аллахка таандык. Ал каалаган пендесин кечирет жана каалаган пендесин азапка салат. Аллах - Кечиримдүү, Ырайымдуу!
48:15 Силер олжолор[1] үчүн, аны алып келгени баратканыңарда (согуштан) калып калган адамдар: «Бизди да ээрчитип алгылачы?» – дешет. Алар Аллахтын Сөзүн өзгөртүүнү каалашат.[2] Айткын: «Бизге ээрчибегиле! Аллах мурун да ушундай деген». Анда алар «Жок, силер бизден кызганып жатасыңар» – дешет. Жок! (Андай эмес) алар (Шариятты) өтө аз түшүнүшөт.[3]