>

Шамсуддин Хакимов — 51

3:10 Каапыр адамдарды Аллахтан (Анын азабынан) мал-дүйнөсү да, бала-чакалары да куткара албайт. Алар - тозоктун отундары!

3:11 (Алардын абалы) Фараондун адамдарынын жана алардан мурунку каапырлардын абалына окшош: Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарышты эле, Аллах аларды күнөөлөрү себептүү азапка салды. Аллах – азабы катуу Зат.

3:12 (О, Мухаммад!) Каапырларга: "Силер жакында жеңилесиңер жана (Кыяматта) тозокто чогултуласыңар. Ал кандай жаман орун!" - деп айткын.

3:13 (Оо, яхудилер!) (Согуш майданында) жолугушкан эки жамаатта (Биздин кудуретибизге) силер үчүн белги бар болчу. Бир жамаат Аллахтын жолунда согушуп жатышты жана экинчиси каапыр эле. (Аллахтын жолунда согушка чыккандар) алардын (душмандардын) өздөрүнөн эки эсе көп экенин анык көрүп турушту. Аллах каалаган адамдарды Өзүнүн жардамы менен колдойт. Мында акыл ээлери үчүн үлгү - сабак бар.

3:14 Адамдар үчүн (бул дүйнөдө) аялдардан, перзенттерден, кинтар-кинтар[1] алтын-күмүштөрдөн, даңктуу-шоораттуу тулпар аттардан, (короо-короо) малдардан жана эгиндерден турган жыргалдарды сүйүү кооз көргөзүлдү.[2] Булар (опосуз) дүйнө жашоосунун пайдалары. Аллахтын алдында (булардан) жакшыраак кайтуучу жай-бейиш бар.

3:15 Айт (О, Мухаммад): "Силерге мунуңардан (дүйнө жыргалынан) да жакшы нерсе жөнүндө кабар берейинби? Такыба кишилер үчүн Раббисинин алдында, астынан дарыялар аккан жана анда түбөлүк жашай турган бейиштер, таза-пакиза жубайлар жана Аллахтын ыраазычылыгы бар. Аллах пенделерин Көрүүчү.