Шамсуддин Хакимов — 506
46:29 Бир кезде, (оо, Мухаммад) Биз сага бир жамаат жиндерди Куран угуу үчүн жибердик. Анан, качан алар Куран(ды уккан)га даяр болгондо (бири-бирине) «Тынч тургула» - деп айтышты. Куран окулуп бүткөндө (бардыгы) өздөрүнүн коомуна эскертүүчү болуп кетишти.
46:30 Алар (коомуна барып мындай) дешти: «Оо, коомубуз! Биз Муса пайгамбардан кийин түшүрүлгөн, Өзүнөн мурунку ыйык китептерди тастыктаган, Акыйкатка жана туура жолго баштай турган Китепти уктук.
46:31 Оо, коомубуз! Аллахтын дааватчысына (Мухаммадга) жооп бергиле жана ыйман келтиргиле! (Ошондо Аллах) силердин күнөөңөрдү кечирип, жан ооруткан азаптан сактайт.
46:32 Ал эми, кимде-ким Аллахтын дааватчысына жооп бербесе, жер бетинде (Аллахтан) кутулуп кете албайт жана ал үчүн Андан (Аллахтан) башка достор (жардамчылар) да болбойт. Алар – анык адашууда болушат!»[1]
46:33 Алар ойлоп көрүшпөйбү, асмандарды жана жерди жараткан жана ошолорду жаратууга алсыздык кылбаган Аллах, өлүк денелерге жан киргизүүгө кудуреттүү эмеспи?! Ооба! Ал - бардык нерсеге кудуреттүү!
46:34 Каапырлар тозокко алып келинген күндө (аларга): «Бул чындык эмес бекен?» (деп айтылат. Ошондо) алар: «Ооба. Раббибизге ант, (чындык экен)» дешет. Анда Аллах айтат: «Эми каапыр болгонуңар себептүү азап тарта бергиле!».
46:35 (Оо, Мухаммад, мушриктердин зыян-запкыларына, мурунку) пайгамбарлардын чыдамкайлыгы, сабыр кылганы сыяктуу сабыр кыл. Сен аларга (мушриктерге азапты) шаштырба.[1] Алар өздөрүнө убада кылынган (Кыямат) Күндү көргөндө, (Дүйнөдө) күндүздөн бир эле саат (жашап) тургандай болушат. Бул - (чындыкты) жеткирүү! (Аны укпаган) бузуку коомдон башка дагы ким азапка дуушар болмок эле?!