Шамсуддин Хакимов — 501
45:23 Сен өз (напсинин) каалосун кудай кылып алган жана (натыйжада) Аллах аны (хидаятка ылайык эмес экенин) билип, адаштырып койгон, кулагына, жүрөгүнө мөөр баскан жана көзүнө парда тосуп койгон адамды көрдүң беле? Аллахтан башка ким аны Туура Жолго баштай алмак?! Эсиңерге келбейсиңерби эми!
45:24 (Каапырлар) айтышат: «Ушул дүйнөдөгү жашообуздан башка жашоо жок. Өлөбүз, жашайбыз. Бизди заман(дын өтүшү) гана өлтүрөт (Аллах өлтүрбөйт)». Бул жөнүндө аларда илим жок. Алар болгону күмөнгө таянышат.
45:25 Качан аларга биздин анык-далилдүү аяттарыбыз окуп берилсе «Эгер (кайра тирилүү бар» деген) сөзүңөрдө чынчыл болсоңор, бизге (өлүп кеткен) ата-бабаларыбызды (тирилтип) алып келгилечи?!» деген сөздөн башка «далилдери» болбойт.
45:26 Айткын: «Силерге Аллах өмүр берет, кийин Өзү өлтүрөт. Андан соң күмөнсүз Кыямат күн үчүн баарыңарды чогултат. Бирок, (муну) көп адамдар билбейт.
45:27 Асмандар жана жердин мүлкү Аллахка таандык. Ал эми Кыямат болгон күндө жалганчылар зыян тартып калышат.
45:28 Жана сен (ал күнү) ар үммөттү чөгөлөгөн абалда көрөсүң. Ар бир үммөт өз китебине чакырылат. Ал күнү баарыңар кылмышыңарга жараша үлүш (жаза же сыйлык) аласыңар.
45:29 Бул Китебибиз силерге акыйкатты (гана) сүйлөйт. Биз силер жасаган иштерди (периштелерге) жаздыртып койгонбуз.
45:30 Ал эми, ыйман келтирип, салих амал кылгандарды Раббиси Өз ырайымына алат. Бул анык жеңиш!
45:31 А бирок, каапыр болгон адамдар(га айтылат): «Силерге Менин аяттарым окуп берилбедиби?! Анан силер текеберленип, күнөөкөр коом болдуңар!
45:32 Силерге: «Аллахтын убадасы – акыйкат! Кыяматтын болушунда шек жок!» – деп, айтылганда, «Кыямат эмне экенин билбейм. («Болбой калышы да мүмкүн» деп) ойлоймун. Анык билбейбиз» - дегенсиңер.