>

Шамсуддин Хакимов — 50

3:1 Алиф, Лам, Мим.[1]

3:2 Аллах… Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал – түбөлүк Тирүү жана (түбөлүк башкарып) Туруучу.[1]

3:3 «(Оо, Мухаммад!) Ал сага, өзүнөн мурунку (ыйык китептер жана алардагы кабарлардан турган) нерселерди тастыктаган Китепти (Куранды) акыйкат менен түшүрдү. Андан мурун адамдарга туура жол кылып Тоорат менен Инжилди түшүргөн».

3:4 «(Эми, чындык менен жалгандын арасын) ажыратып берүүчүнү (Куранды) түшүрдү.[1] Аллахтын аяттарына каапыр болгон адамдар үчүн катуу азап бар. Аллах Кудуреттүү, өч алуучу!»

3:5 Албетте, Аллахка жердеги жана асмандагы эч бир нерсе жашыруун эмес.

3:6 Ал силерди (энеңердин) жатындар(ын)да Өзү каалаган кейипке киргизет. Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Анын Өзү бар. (Ал) Кудуреттүү, Даанышман.

3:7 (О, Мухаммад!) Ал сага (теңдешсиз) Китеп (Куран) түшүргөн Зат. Анын (Курандын) ичинен Китептин энеси (маңызы сыяктуу) болгон мухкам - анык аяттар жана алардан башка муташабих (түшүнүлүшү оор) аяттар орун алган. Ал эми, жүрөгүндө илдет-ийрилик болгон адамдар аны (өз каалоолоруна ылайыктап) түшүндүрүүнү жана бузукулукту үмүт кылып, муташабих аяттарды ээрчишет. Ал (муташабих) аяттын (толук) түшүндүрмөсүн Аллахтан бөлөк эч ким (анык) билбейт. (Ошондуктан) терең илимдүү адамдар: "Биз ага (Куранга) ыйман келтиргенбиз. Анын (аяттарынын) бардыгы (мухкамы дагы, муташабихи дагы) Раббибибиздин алдынан (келген акыйкат)" дешет. Акылдуу адамдар гана (мындан) зикир (эскерме) алат.

3:8 О, Рабби! Бизди туура жолго салганыңдан кийин жүрөктөрүбүздү адаштырба! Жана бизге Өзүңдүн ырайым-рахматыңды белек кыл! Албетте, Сен белектерди көп берүүчү – Ваххабсың.

3:9 О, биздин Рабби! Албетте, Сен адамдарды, анда шек-күмөн болбогон (Кыямат) Күн үчүн чогултуучусуң. Аллах эч качан убадасын бузбайт!