>

Шамсуддин Хакимов — 499

45:1 Хаа, Миим.[1]

45:2 (Бул) Китептин түшүүсү Кудуреттүү, Даанышман Аллах тарабынан.

45:3 Чынында, асмандарда жана жерде момун адамдар үчүн (Аллахтын Кудурет-Даанышмандыгына) белгилер бар.

45:4 Жана силердин жаратылууңарда, (Аллах жаратып, мейкиндиктерге) таратып жиберген жан-жаныбарларда анык ишенген адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.

45:5 Жана түн менен күндүн алмашып турушунда, Аллах асмандан түшүрүп, аны менен өлүк жерди тирилткен жамгырда, жана шамалдардын жүргүзүлүшүндө акылын иштеткен элдер үчүн белгилер бар

45:6 Бул – Аллахтын аяттары. Биз сага аларды акыйкат менен айтып берүүдөбүз.[1] Аллахтан, Анын (акыйкат) аяттарынан кийин (булар) дагы кандай сөзгө ишенишет?!

45:7 Ар бир күнөөкөр-дооматчыга өлүм болсун!

45:8 Ал өзүнө окуп берилген аяттарды угуп, такыр эч нерсе укпагандай текеберлигин улантты. Сен ага жан ооруткан азапты «сүйүнчүлөп» кой.

45:9 Ал (текебер адам) биздин аяттарыбыздан бир нерсе билип, (угуп) калса, (аны) мазактайт. Андай адамдарга кордоочу азап бар!

45:10 (Аларга өлүмдүн) ар жагында тозок бар! Тапкан дүйнө-мансаптары жана Аллахтан башка тутунган дос-кудайлары аларга пайда бере албайт. Аларга улук азап бар!

45:11 Бул (Куран) – туура жол! Ал эми, Раббисинин аяттарына каапыр болгон адамдарга жан ооруткан азап арналган!

45:12 Аллах Өз каалоо буйругу менен (деңизде) кемелер жүрүшү үчүн жана (кемеге байланыштуу өнөр-кесиптер себептүү) Өзүнүн ырыскы-пазилетин издешиңер үчүн силерге деңизди моюн сундурду. Шүгүр кылсаңар ажеп эмес!

45:13 Жана Ал силер үчүн Өзүнүн пазилетинен асмандардагы жана жердеги бардык нерселерди моюн сундурду. Мында пикир кылган адамдар үчүн (Аллахтын Кудуретине) белгилер бар!