Шамсуддин Хакимов — 498
44:40 Чынында, (акыйкат менен жалган) ажыратыла турган (Кыямат) Күн бардык адамдардын эсеп берчү убактысы.
44:41 Ал күндө дос (өзүнүн) досуна эч нерсени жардам бере албайт жана өздөрү да (эч кимден) жардам ала албайт.
44:42 Бир гана Аллах ырайым кылган кишилерге (Аллах тарабынан жардам берилет). Ал Кудуреттүү жана Ырайымдуу.
44:43 (Тозоктогу) «Заккум» дарагы –
44:44 Күнөөкөр адамдардын тамагы.
44:45 Ал курсактарда кайнаган ириң (же зайтун майы) сыяктуу!
44:46 Кайнак суунун кайнаганы сыяктуу!
44:47 «Аны (күнөөкөр адамды) кармагыла (жана) тозоктун ортосуна сүйрөгүлө!»
44:48 Кийин башынан ылдый кайнак суу азабын куйгула!»
44:49 (Эй, кылмышкер, мушрик! Азабыңды) тарт! Сен «улук-урматтуу» эмес белең!
44:50 Бул – силер ишенбеген азаптар!
44:51 Ал эми, такыба кишилер тынч-бейпил жерлерде,
44:52 Бейиштерде, булактарда,
44:53 «Истабрак» жана «Сундус» (деген) жибек кийимдерден кийип, бет-маңдай (сүйлөшүп) отурушат.
44:54 Ошондой эле, Биз аларды жал-жал көз сулууларга үйлөнтүп койобуз.
44:55 Алар анда эч кайгысыз абалда, ар түрдүү мөмөлөрдөн чакырышат.
44:56 Ал жерде биринчи (дүйнөдөгү) өлүмдөн башка өлүмдү(н даамын) татышпайт. (Аллах) аларды тозок азабынан сактаган.
44:57 (Бул) – Раббиңден болгон пазилет! Бул – чоң жеңиш!
44:58 (Оо, Мухаммад!) Биз аны (Куранды) эскерме алышаар бекен деп, сенин тилиңе жеңил кылып койдук.
44:59 Эми сен (Аллах алардын жазасын беришин) күт. Алар да (сага бир зыян келишин) күтүшүүдө.