Шамсуддин Хакимов — 496
44:1 Хаа, Миим.[1]
44:2 Ачык баяндоочу Китепке ант!
44:3 Биз аны (Куранды) Ыйык (Кадыр) түнүндө түшүрдүк. Жана Биз (аны менен элдерди) эскертүүчүбүз.
44:4 Ал түндө ар бир бекем, өзгөргүс иштер белгиленет.[1]
44:5 Биздин буйругубуз болгону себептүү. Чынында, Биз пайгамбарларды жиберүүчүбүз.
44:6 Раббиңден ырайымдуулук иретинде. Чынында, Ал - Угуучу, Билүүчү!
44:7 (Жана Ал) эгер ишенсеңер, асмандардын, жердин жана ал экөөнүн ортосундагы (бардык) нерселердин Раббиси!
44:8 Эч бир кудай жок, жалгыз Өзү бар! Ал тирилтет жана өлтүрөт. Силердин жана абалкы ата-бабаңардын Раббиси!
44:9 Жок! Алар (ойлонуунун ордуна) күмөн санап оюнкарактык кылышууда!
44:10 Сен (алардын башына) асман анык түтүн келтирген Күндү күт.[1]
44:11 Бул жан ооруткан азап (түтүн) адамдарды (мушриктерди) ороп алат.
44:12 (Анан алар): «О, Рабби! Биз ыйман келтирели! Бизден азапты арылта көр!» (дешет).
44:13 Алар кайдан эсине келмек эле! Акыры, аларга (ушуга чейин эле) анык баяндоочу пайгамбар келген.
44:14 (Бирок) кийин андан жүз үйрүп: «(Куран сага христиан аалымдары тарабынан) үйрөтүлгөн. (Сен) жиндисиң» – дешти.
44:15 Биз, аныгында, силерден азапты бир аз арылттык. Силер болсо (күнөөгө кайра) кайттыңар.
44:16 (Анан) чоң азап менен азапталган күнү[1] Биз силерден өч алдык.
44:17 Биз алардан мурун Фараон элин сынадык. Аларга улук элчи (Муса) келди.
44:18 (Жана мындай деди): «Аллахтын пенделерин мага тапшыргыла![1] Мен силерге ишеничтүү пайгамбармын.