>

Шамсуддин Хакимов — 495

43:74 (Ал эми) күнөөкөр адамдар тозок азабында түбөлүк калышат.

43:75 (Азап) алардан (эч) азайтылбайт жана алар анда (тозокто) үмүтсүз калуучулар.

43:76 Аларга Биз зулумдук кылбадык. Өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты.

43:77 Жана алар (тозоктун кызматчы периштесине): «Оо, Малик, (Раббиңе айтчы) бизге (өлүмдү) өкүм кылсынчы» дешет. (Анда) ал айтат: «Силер (ушул жерде ушул бойдон түбөлүк) туруучусуңар!

43:78 Чынында, Биз силерге Акыйкатты алып келдик, бирок, көпчүлүгүңөр аны жаман көрүп жатасыңар».

43:79 Же болбосо, (динге каршы) бир ишти эрежелештирет. Биз да (аларга каршы) эреже түзүп койгонбуз.

43:80 Же болбосо, Биз алардын сырлары менен шыбыраган добуштарын укпайбыз деп ойлошобу! Жок! Угабыз! Жана алардын алдында (бардык кыймыл-аракет, шыбыраган добушунан өйдө) жаза турган элчилерибиз (периштелер) бар.

43:81 Айт (оо, Мухаммад): «Эгер Аллахтын баласы (чындап) бар болгондо, эң оболу ага өзүм ибадат кылмакмын.

43:82 (Бирок) Асмандар менен жердин жана (улук) Арштын Раббиси силердин («баласы бар» деп) сыпаттооңордон Таза!»

43:83 (Эгер дааватыңа муюбаса) аларды жөн кой. Убада кылынган (Кыямат) күндөрүнө жолукканга чейин ойноп-күлүп, (күнөө иштерине) чумкуп жүрө беришсин!

43:84 Ал (Аллах) асманда да Кудай, жерде да Кудай. Жана Ал – Билүүчү, Даанышман!

43:85 Асмандардагы, жердеги жана экөөнүн арасындагы (бардык) нерселердин Ээси болгон Аллах Улук-Таберик! Кыяматтын илими Бир Өзүнүн алдында. Жана (бардыгыңар) Өзүнө гана кайтарыласыңар.

43:86 Алар (мушриктер) дуба кылып жаткан Аллахтан башка «кудайлардын» колунда шапаат-актоо жок! Билген абалда Акыйкатка күбө болгон[1] адамдар(га гана шапаат насип кылат).

43:87 Эгер сен алардан: «Силерди ким жараткан?» – деп сурасаң, «Аллах», дешет. Дагы кайда баратасыңар?!

43:88 Жана (Аллах пайгамбарынын): «Оо, Раббим! Чынында, тиги адамдар ыйман келтирбеген коом» – деген сөзүн да билет.

43:89 Демек, сен аларды кечир жана: «Силерге салам, (бирок) жакында билип аласыңар» – дегин.[1]