Шамсуддин Хакимов — 494
43:61 Жана ал (Иса) – Кыяматтын белгиси.[1] Силер андан (Кыяматтан) эч шек санабагыла. Жана Менин Өзүмө гана моюн сунгула! Туура жол – ушул!
43:62 Шайтан силерди (туура жолдон) тосуп койбосун! Ал силерге анык душман!
43:63 Жана Иса (өз элине) анык далил-аяттар менен келгенде, айткан «Мен силерге (Аллах таала тарабынан берилген) пайгамбарлык менен, силер талашып калган кээ бир нерселерди анык баяндап берүү үчүн келдим. Эми, Аллахтан коркуп, мага моюн сунгула!
43:64 Чынында, менин да, силердин да Раббиңер – Аллах! Анын Өзүнө гана ибадат кылгыла! Туура жол – ушул!
43:65 Анан (яхуди) жамааттар өз ара талашка түшүштү. Залым адамдарга азаптуу Күндүн азабынын балээси болсун!
43:66 Алар өздөрүнө Кыямат Күндүн, (эч нерсени) сезбей турган абалдарында, капысынан келип калуусунан башка нерсени күтүшкөн жок.
43:67 Ал күнү достор бири-бирине душман болуп калышат.[1] Такыба кишилер гана андай болбойт.
43:68 «Оо, Менин (такыба) пенделерим! Бүгүн силерге коркунуч жок! Силер (бүгүн) капа да болбойсуңар!»
43:69 Алар Биздин аяттарыбызга ыйман келтирип, мусулман болгон адамдар.
43:70 «(Оо, ыймандуу пенделер!) Силер жубайларыңар менен бирге сүйүнгөн абалда бейишке киргиле!»
43:71 Аларга алтын идиштер менен чөйчөктөр (тамак-шарабы менен) айлантып турулат. Ал жерде көңүл каалаган, көз кубанган бардык нерселер бар. Жана силер анда түбөлүк жашайсыңар.
43:72 Бул бейиш... Аны силер (дүйнөдө) жасаган (сооптуу) амалыңар үчүн Аллахтан мурас алдыңар.
43:73 Силер үчүн анда көп мөмө-жемиштер бар. Алардан (каалаганыңарча) жейсиңер.