>

Шамсуддин Хакимов — 493

43:48 Аларга көргөзгөн ар бир (азап-)моожизабыз (абалкы) түгөйүнөн чоңураак. (Туура жолго) кайтаар бекен деп, аларды (ушундай) азап менен кармадык.

43:49 Жана алар (Мусага) айтышты: «Оо, сыйкырчы! (Аллах) берген (пайгамбарлык) касиет(иң) менен Раббиңе дуба кыл. (Бизден балээни арылтсын) Биз туура жолго жүрөбүз».

43:50 Качан Биз алардан азапты алып койсок, ошол замат (сөздөрүнөн) кайтып кетишти.

43:51 (Жана Фараон өз элине ) бийик добуш менен ( мындай деди: «Оо, элим! Мен Мисир мамлекетинин жана бутумдун астынан агып турган мына бул (Нил) дарыяларынын падышасы эмесминби?! (Падышалыгымды) көрбөй жатасыңарбы?!

43:52 Мен мына бул (кекечтенип) араң сүйлөгөн төмөн адамдан (Мусадан) артык эмесминби?!»

43:53 «Эгер ага (асмандан) алтын билериктер ташталса, же аны жандап периштелер түшсө, (анда пайгамбар экенине ишенсе болот)».

43:54 Ал өз элин(ин акылын ушинтип) кордоду эле, эли дагы моюн сунду. Алар (түпкүлүгүндө) бузуку эл болгон.

43:55 Алар (ошол иштери менен) Биздин ачуубузга тийди. Анан Биз алардан өч алып, бардыгын (деңизге) чөктүрүп жибердик.

43:56 (Ошентип), аларды өтмүш-тарых жана кийинки муундар үчүн (ачуу) сабак кылдык.

43:57 Жана качан гана Марямдын уулу (Иса тууралуу) мисал келтирилгенде, андан сенин коомуң ызы-чуу көтөрүшөт.[1]

43:58 Жана (сага): «Биздин (арабдардын) кудайларыбыз жакшыбы же ал (Иса) жакшыбы?» дешет. Алар сага жаңжалдашуу үчүн гана мисал келтиришет. Алар жаңжалкеч элдер.

43:59 Ал (Иса) болгону Биз (пайгамбарчылыкты) жакшылык кылып берген кул(убуз). Биз аны Исраил урпактары үчүн (Өз кудуретибизден) мисал кылып (атасыз) жаратканбыз.

43:60 Эгер кааласак силердин ордуңарга, жер бетинде халифа-орун басар боло турган периштелерди жаратып коймокпуз.[1]