>

Шамсуддин Хакимов — 491

43:23 Дал ушул сыяктуу, сенден мурун бир айыл-шаарга эскертүүчү-пайгамбар жиберсек, ысырапкор (бай) адамдары: «Биз ата-бабаларыбызды (белгилүү) ишенимдин үстүндө тапканбыз. Биз ошолордун изине гана ээрчийбиз» – дешкен.

43:24 (Анда пайгамбар) айткан: «Биз силерге ата-бабаңар кармаган диниңерден туурараак дин алып келсекчи? Алар (дагы эле): «Биз силер алып келген динге ишенбейбиз», – дешти.

43:25 Анан... Биз алардан өч алдык. (Аллахтын пайгамбарын) «жалганчы» деген адамдардын акыбети кандай болгонун көрүп ал.[1]

43:26 Жана (эстегин): Бир кезде Ибрахим атасына жана (мушрик) коомуна «Мен силерден жана силер сыйынган «кудайыңардан» кол үздүм!

43:27 Мени жараткан Аллахтын Өзү(нө гана сыйынамын). Ал мени туура жолго баштайт» – деди.

43:28 (Ибрахим) ал сөздү (ширк ибадатынан) кайтышса ажеп эмес (деп), (урпактарына) түбөлүк (мурас кылып) калтырды.

43:29 Мен аларды (Мекке мушриктерин) жана ата-бабаларын, өздөрүнө Акыйкат (Ислам) жана анык пайгамбар (Мухаммад) келгенге чейин (кенен жашоо-ырыскы менен) пайдалантырдым.

43:30 Ал эми, качан аларга Акыйкат келгенде: «Бул – сыйкыр! Биз буга ишенбейбиз!» – дешти.

43:31 Жана айтышты: «Бул Куран эки улук шаардагы (улук) адамдарга түшсө болмок».[1]

43:32 Раббиңдин (сага берген) ырайымын (пайгамбарчылыгын) ошолор бөлүштүргөн бекен? (Жок! Андай эмес) алардын дүйнө жашоосундагы өз-ара тиричилик-ырыскыларын да Биз бөлүштүргөнбүз жана бирин-бирине моюн сундуруп алуулары үчүн кээ бирөөлөрүнүн даражасын башкаларынан бийик кылып койгонбуз. Бирок, алар чогулткан (байлык, даңк сыяктуу) нерселерден Раббиңдин ырайымы артыгыраак.

43:33 Эгер адамдар(дын бардыгы каапырлардын байлыгына азгырылып) бир (каапыр) үммөт болуп кетүү (коркунучу) болбогондо, Биз Рахманга каапыр болгондордун тамдарын жана аларга чыга турган шатыларынан өйдө күмүштөн кылып коймокпуз.