Шамсуддин Хакимов — 490
43:11 Жана ал асмандардан чен-өлчөм менен суу түшүрдү. Анан ошол суу менен өлүк шаарды тирилттик (жана ар түркүн өсүмдүктөр чыгардык). Силер да ушул сыяктуу (мүрзөңөрдөн) чыгарыласыңар.
43:12 Жана Ал бардык жуптарды жаратты.[1] Жана силер үчүн кемелерден, айбандардан турган унааларды, улоолорду жаратты.
43:13 Алардын үстүнө минип, андан кийин Раббиңердин нээматын эскерип: «Бизге ушуну моюн сундурган Аллах (кемчиликтүү сыпаттардан) Аруу-Таза! (Эгер Ал моюн сундурбаса) өзүбүздүн кудуретибиз жетмек эмес.
43:14 Жана биз Раббибизге кайтып барабыз» – дешиңер үчүн.
43:15 Алар Аллахка Өзүнүн пенделеринен бир бөлүктү (периштелерди «Аллахтын кыздары» деп өкүм) кылышты. Инсан чынында жакшылыкты билбейт!
43:16 (Эй, мушриктер!) же болбосо, Аллах жараткан макулуктарынан кыз балдарды Өзү алып, силерге уул балдарды тандап бериптирби?!
43:17 Эгер алардан бирине Чексиз Ырайымдуу үчүн мисал келтирген (кыз перзент туулду деп) сүйүнчүлөп барылса, ачууланып, жүзү карарып кетет.
43:18 (Жана): «Силер эмне, кооздуктардын ичинде (назик абалда) өстүрүлө турган жана талаш учурунда (бир сөздү) даана айталбай турган кыз перзенттерди (Аллахка таңуулап жатасыңарбы?!»).
43:19 Алар Чексиз Ырайымдуунун пенделери болгон периштелерди «кыздар» дешет. Эмне, алардын (кыз кылып) жаратылганын көрүп коюшуптурбу?! Алардын (бул жалган) күбөлүктөрү жазып коюлат жана (Акыретте катуу) сурак беришет!
43:20 Жана алар: «Эгер Чексиз Ырайымдуу каалаганда биз аларга ибадат кылбайт элек (жана аларды «Аллахтын кызы» дебейт элек») дешет. Бул (маселе) боюнча алардын эч кандай илими жок. Алар болгону алжып калган адамдар.
43:21 Же болбосо Биз аларга аны (далил катары) бекем кармап алгыдай,[1] Курандан мурун бир китеп түшүрүптүрбүзбү?!
43:22 Жок! Алар: «Биз ата-бабаларыбызды (ушундай) дин-ишеним үстүндө тапкан элек. Биз ошолордун изи менен (жүргөндө гана) адашпайбыз» – дешет.