Шамсуддин Хакимов — 488
42:45 Жана сен аларды, кордуктан моюндарын шылкыйткан абалда, (тозокко) көз кырын таштап, азапка алып келингенин көрөсүң. (Ошондо) ыймандуу адамдар айтат: «Чынында зыян тарткандар – алар Кыямат Күнү өздөрүнө жана үй-бүлөсүнө зыян жеткиргендер!» Көңүл бургула! Аныгында, залымдар үзгүлтүксүз азапта!
42:46 Аларга Аллахтан башка достору («кудайлары») жардам бере албайт. Аллах кимди адаштырса ал үчүн (кутулууга) жол жок.
42:47 (Артка) кайтарууга мүмкүн болбогон Күн, Аллах (таала) тарабынан келип калганга чейин Раббиңерге жооп кайтарып (буйруктарын аткарып) калгыла! Ал күндө силерге (Аллахтын азабынан) коргонор жер да, (күнөөлөрдү) четке кагуу (мүмкүнчүлүгү да) болбойт.[1]
42:48 Эгер алар жүз үйрүп кетишсе (жөн кой). Биз сени аларга сакчы кылып жибербедик. Сенин милдетиң жеткирүүдөн гана турат. Биз эгер инсанга Өз ырайымыбызды(н даамын) таттырсак, аны менен сүйүнүп (оолугуп) калат. Ал эми өзү жасаган кылмыштары себептүү бир кайгы жетсе, чынында, инсан шүгүрсүз (экенин көргөзөт).
42:49 Асмандар жана жер(дин бардык) мүлкү Аллахка таандык. Каалаган нерсесин жаратат. Каалаган пендесине кыз-перзент берет, каалаган пендесине уул-перзент берет.
42:50 Же болбосо, перзенттерди уул-кызынан жуп-жуп (эгиз) кылып берет жана каалаган пендесин тукумсуз кылат. Ал Билүүчү, Кудуреттүү.
42:51 Адамзатка Аллах сүйлөбөйт. Бир гана (Өз пайгамбарына) вахий-илхам иретинде, же парданын артынан сүйлөйт. Же болбосо, (периштеден) элчи жиберет. Анан ал, Өзүнүн уруксаты менен (пайгамбарга) Аллах каалаган сөздү вахий кылат. Ал эң Жогорку (жана) Даанышман!