Шамсуддин Хакимов — 487
42:32 Анын (кудуретинин) белгилеринен (бири) деңиздеги тоо сыяктуу кемелер.
42:33 Эгер (Аллах) кааласа, шамалды токтотуп коёт. Анан (ал) кемелер деңиз бетинде токтоп калышат. Албетте бул нерседе ар бир сабырдуу, шүгүр кылуучу пенделер үчүн белгилер (сабактар) бар.
42:34 Же болбосо, ал кемелерди (жүргүнчүлөрү) жасаган (күнөө) иштер себептүү кыйроого учуратат. (Бирок) Ал көп адамдарды(н күнөөсүн) кечирип (аман-эсен жээкке чыгарып) жиберет.
42:35 Биздин аяттарыбыз жөнүндө талашкан адамдар билип алышсын: аларга (Аллахтын кудуретинен) кутула турган жер жок!
42:36 Силерге берилген нерселердин бардыгы дүйнө жашоосунун (убактылуу) пайдасы. Ал эми, ыймандуу жана Раббисине тобокел кылган кишилер үчүн Аллахтын алдындагы сыйлыктары жакшы жана түбөлүктүү.
42:37 Алар чоң күнөөлөрдөн жана бузук иштерден сактанып жүрүшөт. Эгер ачуусу келсе, (ичине жутуп, ачуусун келтиргендерди) кечирет.
42:38 Алар Раббисине (ар дайым) жооп беришет[1] жана намазды (калтырбай) окушат. Алардын (диний жана дүйнөлүк) иштери өз-ара масилет-кеңеш (менен болот). Жана алар Биз ырыскы кылып берген нерселерден садака-ихсан кылышат.
42:39 Жана алар өздөрүнө зулум жетсе (залымга каршы баш көтөрүп) жеңишке жете турган кишилер.
42:40 Жамандыктын жазасы өзүндөй жамандык. Ал эми кимде-ким кечирип, (араны) оңдоп койсо анын сообун Аллах берет. Чынында, Аллах залымдарды сүйбөйт.[1]
42:41 Ким өзүнө зулум көргөзүлгөндөн кийин (залымды) жеңип койсо, аларды күнөөлөгөнгө жол жок.
42:42 (Күнөөлөш үчүн) жол, (өзүнө зулум кылган), адамдарга (ашыкча) зулум кылган, жер бетинде акыйкатсыздык менен зордук-зомбулук кылган адамдарга каршы (ачылат). Андай адамдарга жан ооруткан азап бар.
42:43 Кимде-ким (зулумга) сабыр кылса жана (залымды) кечирсе – бул өтө улук иштерден!
42:44 Ал эми, Аллах кимди адаштырып койсо, Андан (Аллахтан) кийин ал үчүн эч бир дос-башчы калбайт. Жана сен залымдарды, (кыяматтагы) азапты көргөндө «(дүйнөгө) кайтууга жол бар бекен?!» деп какшап калгандарын көрөсүң.